Business' news

Society
Үйлөрдү, кеңселерди, кафелерди жана акырында көчөлөрдү укмуштуу жыт менен толтурган түрк кофеси түрк каада-салттарынын маанилүү бөлүгү. Сиз Түркияга болгон сапарыңызда эң сонун жана жагымдуу тажрыйбаларды кофе аркылуу да ишке ашырсаңыз болот. Түркияда түрк кофеси адамдарды бириктирип, алардын бири-бирине жакындашуусуна жардам берген социалдык медиатор болуп саналат. Түркияда кофенин ролу ушунчалык жогору болгондуктан, маанилүү жолугушуулар жана тамактан ки...
Society
Нарын облусунун алыскы райондоруна интернет жеткирилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-декабрда Кочкор районунун Арсы айылындагы мектепте «Digital CASA – Кыргызстан» долбоорунун жетишкендиктери тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Негизги басым мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди интернет менен камсыз кылууга жасалат. Кочкор районунда 168 чакырым 780 м аралыкка була- оптикалык кабель тартылып, натыйжада 39 социалдык объект,...
Society
Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында өткөн жума ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 20 миң 762 фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Анын ичинде мас абалында автоунаа айдаган 494 киши, тийиштүү документтери жок унаа айдаган 386 адам, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 63 айдоочу, эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 2964 факты, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 113...
Society
Башкы прокуратура Араван районунда эгиз кыздарын сабоого шек саналган келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кыздардын энесине карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасы (кайненеси) А.Х. аттуу жаранга карата 41-берененин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузул...
Society
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандын аймагына энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоду. Долбоордун демилгечиси депутат Улан Бакасов белгилегендей, документ жарандарынын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган. Экономика жана коммерция министринин орун басары Искенде...
Society
Кыргызстанда төрөлүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор кайра жанданды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Максаты, мамлекеттик каттоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү көбүрөөк камсыз кылуу жана мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик алаканы түзүү болуп саналат. Бул пилоттук долбоор буга чейин 2022-жылдын 3- октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин Би...
Society
Кыргызгидромет билдиргендей, 5-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз +4…+9. Бишкек шаарында жаан ж...
Society
Атай Огомбаев, Муса Баетов, Шекербек Шеркулов жана Калмурат Нурдөөлөт уулунун 120 жылдык мааракелерине карата өткөрүлгөн ырчы-аткаруучу жана комузчулардын арасындагы Республикалык кароо-сынакта Ош шаарынын таланттары алдыңкы орундарды багындырды. Баш байгенин ээси болуп, Эламан Жалалов 40 000 сом акчалай сыйлыкка татыды.  Ал эми экинчи орунду Ош шаарынан Асел Маматова  40 000 сом, Таалай Эркебаев 40 000 сом жана Ахмедов Абдыкерим 25 000 сом сыйлыктар менен...
Society
Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. «Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот», — деп жазды Алагөзов. Белгилүү болгондой, буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт» деге...
Incidents
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, опера жана балек театрынын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык мене...
Society
Саламаттык сактоо министрлигинин адистери мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү аныктоо боюнча рейд жүргүздү. Анын алкагында мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү, анын ичинде липосакция жана блефаропластика жасаган сулуулук салонунун ишин токтотушту. Инстаграмм аккаунту: @21_beautystudio.kg Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү лицензиясы жок орто билимдүү адиске (фельдшер) айып пул салынды. Ошондой эле, бардык материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 152-берен...
Society
Кечээ, 1-декабрда Тажикстандын Согди облусунунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча теңтөрөгалар Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министирлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Маалыматка караганда, алар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунунун ишине оң баа беришкен. Жолугушууда чек аранын долбоордук линиясынын сыпаттамасын аяктоо бою...
Sports
30-ноябрда Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын спорт тармагын өнүктүрүү, муниципалдык спорт мектептеринин жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлору менен иштөө боюнча жыйын өткөрдү. Мэрдин орун басары шаардык дене тарбия жана спорт комитети, анын курамына кирген спорт мектептери келерки жылы калктын ар кыл катмарынын өкүлдөрүн спортко тартууга өзгөчө көңүл буруусу керектигин билдирди.  «Ош шаарында жыл сайын массалык спорттук иш-ч...
Society
Президент Садыр Жапаров «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ 2023-жылдын 19-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам турак жай-курулуш кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылууга, кооперативдерге кирүү жолу менен жарандардын турак жай сатып алууда укуктарын ишке ашырууга багытталган. Мыйзам менен турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу орган жана анын ыйгарым укуктары М...
Society
Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким, «Ак-Суу» базарынын ээси Б.К.А кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, Б.К.А. сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле бул мекемеде бир нече жолу интимдик кызматты пайдаланган. Топтолгон материалдардын негизинде, 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде Б.К.А. кармал...
Society
Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте Аламүдүн базарынын сатуучулары да контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдады. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылып жатышат. Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте Аламүдүн базарынын сатуучулары да контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдады. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылып жатышат. 30...
Society
Бүгүн, 1-декабрь күнү Ош шаарындагы базарлардын соодагерлери ККМ-аппаратка нааразы болуп Ош мэриясынын алдына чогулушту. Чогулгандарга Ош шаарынын вице-мэрлери Сонунбек Жунусбаев менен Марс Исаев жана Ош шаардык салык кызматынын башчысы Рахманберди Аданов түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Соодагерлер контролдук-кассалык машиналардан баш тартып, патент системасына кайтуу керектигин айтышты. Ош шаардык салык кызматынны башчысы Рахманберди Аданов ККМ боюнча мыйз...
Society
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айтты. Бул тууралуу ал 30-ноябрда атайын кызматтын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.  УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ташиев буга байланыштуу мамлекеттик бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун айма...
Акыркы жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнү: Түркияга барып, кайталангыс даамдагы кофе ичиңиз
15:07, Бүгүн
Нарындын алыскы райондоруна интернет жеткирилет
14:32, Бүгүн
Өткөн жума ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 20 762 факт аныкталды
14:30, Бүгүн
Араванда эгиз кыздарын сабоого шектелген келинди энелик укуктан ажыратуу сунушталды
14:28, Бүгүн
Чет өлкөдөн энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
14:26, Бүгүн
Кырыгзстанда өлгөн жана төрөлгөн адамды мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү долбоору жанданды
14:23, Бүгүн
Эртең өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт
14:22, Бүгүн
Республикалык кароо сынакта Ош шаарынын таланттары алдыңкы орундарды ээлешти
13:04, -ж., 2-декабрь
Президент базарлардагы нааразылыктар боюнча жумушчу комиссия түздү
12:58, -ж., 2-декабрь
Опера жана балет театрынын директору кармалды
12:56, -ж., 2-декабрь
Жаңылыктар рубрикалары