Business' news
Sports
08:59, -ж., 19-ноябрь
Мушкер Оролбай Мыктыбек уулу 18-ноябрда UFC уюмундагы алгачкы беттешинде сербиялык каршылашы Урош Медичти жеңди. Бул тууралуу аталган уюм инстаграм баракчасына расмий жарыялады. Оролбай Мыктыбек уулу 77 кг салмакта күч сынашкан. Мушкер UFC уюму менен бир канча күн мурун төрт беттешке келишим түзгөнүн соцтармактагы баракчасында жарыялаган эле. UFC уюмунда Кыргызстандын атынан Оролбай Мыктыбек уулунан сырткары эже-сиңдилер Валентина жана Антонина Шевченколор...
Society
16:05, -ж., 18-ноябрь
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын расмий ачып жатып, акыркы убакта орун алган бир нече окуялар байланыштуу пикирин билдирди. Алсак, Ташиев «мыйзамдагы ууру» аталган маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) мүлктөрү тууралуу айтты. «Эгерде балдары, аялы, туугандары мыйзамды бузбаса биз аларга тийбейбиз. Аялы ресторанын сурады бөлүп бердик, унаа...
Society
16:01, -ж., 18-ноябрь
Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын экинчи күнүндө бүгүн, 18-ноябрда, Киото шаарына барды. Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова Япониянын байыркы борборуна Шинкансен ылдам жүрүүчү поезди менен келишти. Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугушат, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор үчүн маданий программа пландаштырылууда.
Society
16:00, -ж., 18-ноябрь
Баткен шаарында 11-17-ноябрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болду. Кыргызстандын Министирлер кабинети билдиргендей, жолугушууда жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты. Чек ара боюнча сүйлөшүлгөн иштер Тажикстан өлкөсүндө кийинки отурумда улант...
Society
15:50, -ж., 18-ноябрь
Өзгөндө айылдашын бычып салды делген эркектин аялынын кайрылуусу социалдык тармактарды тарады. Анда ал дээрлик 5 айдан бери чет өлкөдө экенин айтып, жолдошу тарабынан көп жылдан бери ур-токмоко алынганын билдирген. “Орусияга келгениме 5 ай болду. Биз айылда жолдошумун апасы менен турабыз. Эң кичине келинимин. Бирок үйгө кайнежелерим, кайнагамдар үйгө көп келет. Алар келип кеткен соң үйдө аябай көп чыр чыгат. Кайненем кылгандарымы жактырбайт. Жолдошум ара к...
Culture
14:51, -ж., 17-ноябрь
Баклава – Камырдан жасалган жука катмарлар, сары май жана жыпар жыттуу таттуу шербет камтылган даамдуу түрк десерти. Түркияга келген ар бир туристтин гастрономиялык маршрутундагы биринчи десерт экени талашсыз. Чыныгы даамды өзүнө камтыган бул шириндик Түркиянын бай маданий мурасынын маанилүү символу болуп саналат. Кондитердик токочтун көп кылымдык салты, чеберчилиги жана бай тарыхы анын атайын өзгөчө күнүн белгилөөгө алып келди. Тагыраагы, 17-ноябрь, Бүтк...
Society
13:35, -ж., 17-ноябрь
Тилеке-Баатыр көчөсүнүн Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыкта Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун 2-этабы 80 пайызга аяктады. Долбоорго ылайык, узундугу үч чакырымга жакын жерге жарандардын эс алуусуна ылайыкташтырылып, 14 терраса заманбап жарыктандырылып, жашыл аймактары бар кичи аралдар жасалууда. Жумуштарды үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүү болжолдонууда. Белгилей кетсек, аталган долбоо...
Society
13:30, -ж., 17-ноябрь
Дыйкандарга түшүмдү мол берүүчү жемиштерди (кулпунай, малина ж.б.) эгүү менен бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында окутуу-семинары өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-ноябрында Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Ош облусунда жана Ош шарында аймактык экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында жергиликтүү дыйкан-фермерлердин ка...
Society
13:28, -ж., 17-ноябрь
Журналист, Nazar News сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары билдиришти. Иниси Майрамбек Каримов Шерипбаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин айтты. "Саат 12лер чамасында эжем иштеген кеңсеге өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар келип, эч кандай чакыруу кагазы жок эле, "сүйлөшүү үчүн" деп чакырып, алып кетишкен. Бизге жеткен маалыматтар...
Society
13:21, -ж., 17-ноябрь
Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю жана П.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети маалымдады. Мекеме тараткан билдирмеге караганда, алар айрым ишканаларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп бергени аныкталган. Маалыматка караганда, кармалгандар соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнөн көмүр экспорттогон ишканаларга к...
Society
13:18, -ж., 17-ноябрь
Израилдин коргоо министри Йоав Галлант кечээ, 16-ноябрда ЦАХАЛ (Израилдин коргоо күчтөрү) Газанын батыштагы кварталдарын ээлеп алганын жарыялады. «ЦАХАЛ Газа секторунун батыш тарабын ээлеп алып, аймактагы ХАМАС күчтөрүн тазалады», — деп билдирүү жасаган. Министрдин айтымында, учурда израил аскерлери жаңы аскердик операциянын кезектеги баскычына даярданууда. Кечээ, 16-ноябрда Израилдин аскерлери Газадагы Аш-Шифа ооруканасын курчап алган. Анда тинтүү жүргүзү...
Society
13:14, -ж., 17-ноябрь
Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Данияр Моңолдоровдун баш коргоо чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу соттон кабарлашты. Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен 15-ноябрда кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эл...
Society
16:20, -ж., 16-ноябрь
Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-ноябрда болжол менен саат 20:59 чамаларында Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкедеги «Хонда Адиссей» унаасы менен сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, жол к...
Society
16:18, -ж., 16-ноябрь
Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. Мекеме электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 Квт/с үнөмдөй тургандыгын билдирет. Керектөөчүлөр үчүн жарыкты үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору: Колдонуп жаткан лампаларды, айнек терезелерди чаңдан тазалап туруу; Бөлмөдөн чыгып бара жатып жарыкты өчүрүп туруу; Үй тиричилигин сатып алууда электр жабдуулардын энергия сарптоочу классына көңүл бөлүү; Сыналгы, планшет,...
Society
16:16, -ж., 16-ноябрь
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-ноябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…+8, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10. Бишкек шаарында жаан-чачы...
Society
16:14, -ж., 16-ноябрь
Өзгөн шаарынын мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишине катышкан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматты “Т-Медиага” билдирген. Маалыматка караганда, Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоров жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгендиги аныкталды. "Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч...
Society
16:11, -ж., 16-ноябрь
Чек ара кызматы соцтармакта жардам сурап, кайрылуу кылып жаткан аскер кызматчыларынан ведомствого кайрылууну өтүндү. Ошондой эле, ведомство чек ара кагылышуусунда каза тапкан аскерлердин үй-бүлөлөрүнө камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп, бойго жете элек балдарга жөлөк пул чектөө үчүн документтер топтолуп берилгенин айтып жатат. Андан сырткары чек ара кызматынын маалыматы боюнча: Каза тапкан бардык аскерлердин үй-бүлөлөрүнө, оор жаракат алган аскерлерге акыс...
Society
16:06, -ж., 16-ноябрь
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жим айылынын аймагында курал-жарак сакталган атайын жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 16-ноябрда билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал жерден 1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана 5 калибрдеги патрондор, кара беткап,1 даана бычак жана жашыл түстөгү колкап табылган. “ 2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы...
Акыркы жаңылыктар
14:32, Бүгүн
14:22, Бүгүн
13:04, -ж., 2-декабрь
12:58, -ж., 2-декабрь
12:56, -ж., 2-декабрь