Business' news
Health
16:01, -ж., 16-ноябрь
Экспертиза эгиз кыздардын денесинен көптөгөн көк-ала тактар,шишиктер жана ийне менен сайылган тактарды аныктады. Учурда алардын абалы орточо оор. Бул тууралуу бүгүн,16-ноябрда Акыйкатчы институту билдирди. Маалыматка караганда,аталган уюмдун кызматкерлери абакта отурган кыздардын энеси менен жолуккан. Анда ал экинчи күйөөсүнүн бир туугандары жана кайненеси ага басым кылып келишкенин айткан. Ошондон улам келин ачуусун балдарынан чыгарып жүргөн. “Алар мени...
Society
14:52, -ж., 15-ноябрь
Бүгүн, 15-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзиев маалымат жыйын беришти. Төрага Салман Назылбеков Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун "депутаттар чайга чакырбай койгонуна нааразы болушту" деген сөзүн төгүндөдү. «Кечээ, мэр Бакытбек Жеңишбековичтин сайтка жарыялаган маалыматында биздин шаардык кеңештин депутаттарына, менин дарегиме айтылган сөздөрү боюнча мен сиздерге маалымат берип к...
Society
14:50, -ж., 15-ноябрь
Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Жапонияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев айтты. Сапардын алкагында Жапониянын императору Нарухито, премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолугушат. Мындан тышкары, ROTOBO бизнес ассоциациясы, JATA туроператорлор ассоциациясы, JBIC Эксимбанкы, JETRO тышкы сооданы өнүкт...
Society
14:48, -ж., 15-ноябрь
Кыргызстандагы «Гранд казино» ЖЧКсынын ээлеринин бири Азат Бурханов аттуу Кыргызстандын жараны экенин парламенттин 15-ноябрдагы жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров айтты. Депутат Дастан Бекешев өлкөдө эң алгачкы лиценция берилген казинонун ээсинин ким экенин сураган. Депутат Самыйкожо да казино ачуунун демилгечиси мамлекет эмес, айрым адамдар гана болуп жатабы деген суроо койду. «Ал (Азат Бурханов) дем...
Society
14:45, -ж., 15-ноябрь
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Орусиянын Москва шаарында массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген негизде кыргызстандык жаран кармалганын кабарлады. Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бийликти күч менен кулатууга чакырыктарды жарыялаган Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы...
Society
14:42, -ж., 15-ноябрь
16-17-ноябрда Чүй облусу жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Бул күндөрү Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын иш-чаралары өтөт. Буга байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шарынын төмөнкү көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат: — «Манас» аэро...
Society
14:38, -ж., 15-ноябрь
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы алгачкы көп функциялуу “Manas Tower 45” мейманкана комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды. Маалыматка караганда, мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат. Аны ишке ашырууга Президентинин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2026-жылда бүткөрүү пландалууда. Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманка...
Society
14:14, -ж., 15-ноябрь
Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү – Туркия. Фестивалдын алкагында Түрк киносу жумалыгы уюштурулат жана белгилүү актриса Түркан Шорай фестивалдын ардактуу коногу болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча 1977-жылы Түркияда тартылган “Селви бойлум ал язмалым” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон. Борбор калаа Бишкекте 2023-жылдын 17-ноябрынан 22-ноябрына чейин өтө турган Бишкек эл аралык кинофестивалы Туркиянын...
Society
17:12, -ж., 14-ноябрь
Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов кызматтан кетти. Маалыматты "Т-Медиага" мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов ырастап, ал өз арызы менен 1-ноябрда кеткенин билдирген. Жунусовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ош шаарынын мэринин ошол эле күнкү буйругу менен Жолдор башкармалыгынын башчысы болуп Юруслан Камилов дайындалган. Арзыбек Жунусов аталган кызматта дээрлик 15 жылдан бери иштеп ке...
Society
17:10, -ж., 14-ноябрь
Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Орусиядан 1900 кыргызстандык депортация болду. Бул тууралуу 13-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков билдирди. Анын айтымында, былтыр бир жыл ичинде Орусиядан 2200 кыргызстандык чыгарылган. Алардын депортацияланышына Орусиянын миграция мыйзамдарын бузганы тууралуу сот чечимдери негиз болгону кабарланды. Орусиянын Ички иштер министрлиги...
Society
17:05, -ж., 14-ноябрь
Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы көчөгө Ички иштер министрлигинин атайын багытталган полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысымы ыйгарылды. Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 23 жашында набыт болгон аскерге «Эрдик» медалы ыйгарылган. 20 жаштагы чек арачы Марат Ташмирзаевдин ысымы Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө берилд...
Society
17:02, -ж., 14-ноябрь
Кыргызгидромет билдиргендей, 15-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн үшүк жүрөт, +1…+6, күндүз +16…+21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз +6…+11, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +10…+15. Бишкек шаарында ж...
Society
17:00, -ж., 14-ноябрь
Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаа мэри Бакыт Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бүгүн, 14-ноябрда өткөн сессияда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимине жашыруун добуш берүүгө 42 депутаттын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошту, үчөө каршы болду. Депутаттар Бакытбек Жетигеновдун ишин канааттандырарлык эмес деп баалашты. Шаардын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүдө ресурстарды сарамжалсыз бөлүштүрүү, шаардык кеңештин айрым токтомдорунун аткарылбаг...
Society
16:58, -ж., 14-ноябрь
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 22 миллион сомго жаңы мал базар курулду. Ал декабрдын башында пайдаланууга берилерин "Т-Медиага" мэриядан билдиришкен. Базар жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Ага аянты 1,5 гектар жер ажыратып берилген. Мал базарда атайын административдик имарат, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлар, бастырмалар курулуп бүткөн. "Учурда иштеп жаткан эски мал базар шаардын так ортосунда жайгашкандыктан көчөлөрдө унаа...
Society
15:05, -ж., 13-ноябрь
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, жылдар бою ишкерлердин Кытайдан экспорттолгон жүктөрүн жана эл керектөөчү товарларын мыйзамсыз тартып алып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Атайын кызмат бул топ Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү экенин билдирди. УКМКга 385 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян тарткан М.Г. атту жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгынд...
Society
15:02, -ж., 13-ноябрь
16-17-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. 16-ноябрда түштөн кийин КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын жана КМШ ПААнын саясий маселелер, эл аралык кызматташтык, социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияларынын отурумдары өтөт. Ошондой эле бул күнү шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламентарий...
Society
15:00, -ж., 13-ноябрь
Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети массалык башаламандык уюштурууга чакырууга шектелип Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу кармалганын кабарлады. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турганы үчүн Адис Жумгалов аттуу фейсбук аккаунтунун колдонуучусу, 1980-жылы туулган кыргызстандык жаран М.А.Р. кармал...
Health
14:57, -ж., 13-ноябрь
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталды. Бишкек шаарында – 1076 учур, Ош шаары – 333 учур, Ош облусу – 695 учур, Баткен облусу – 96 учур, Чүй облусу – 562 учур, Жалал-Абад облусу – 650 учур, Талас облусу – 95 учур, Ысык-Көл облусу – 72 учур, Нарын облусунда – 39 учур. ⠀ Кызамык менен катталгандардын 88 пайызы 10 жашка чейинки балдар. Анын 87% же 3140 бейтап ар кандай с...
Акыркы жаңылыктар
14:32, Бүгүн
14:22, Бүгүн
13:04, -ж., 2-декабрь
12:58, -ж., 2-декабрь
12:56, -ж., 2-декабрь