Business' news

Society
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду Оштогу СИЗОдон Бишкекке алдырып жатканын 23-ноябрда парламентте билдирди. Анын айтымына караганда, Досонов буга чейин экранда "уюшкан кылмыштуу топтордон кайттым" дегени менен, бирок ишин улантып жатат.  "Ал баарынын алдында кримдүйнөдөн баш тартарын айткан. Бирок азыр дагы деле улантып жатыптыр.  Мен аны улантпай тургандай, эч к...
Society
Ноябрдын аягына карата Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү тарыхый 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү. Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта...
Society
Жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди. Анын айтымында, сөз курулуш иштери 2027-жылга белгиленген бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле ал 2023-жылдын 10 айында 38 жер тилке жана үй, 356 унаа мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөнүн белгиледи.
Society
Бишкек шаарында 33 жаштагы аял 3 эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үч эмдин бирөөсү кыз, экөө эркек. Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында операция жолу менен төрөлүштү. «Төрөлгөн учурда алардын салмагы 3кг 10 грамм, 2кг 345 грамм жана 2 кг 45 гр болгон. Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта.
Incidents
Жалал-Абад шаарында жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруучулар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы убакта Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйүүдө. Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен...
Society
Чынберди Төлөновго Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты тапшырылды. Бул тууралуу 21-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Төлөнов диплом чырына байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча келди. Жаңы депутатка Боршайком төш белги жана күбөлүк тапшырды.  52 жаштагы Чынберди Төлөнов Ош облусунун Өзгөн районунун Кысык-Алма айылында туулган. Жогорку...
Society
Быйыл январдан сентябрь айына чейин Кыргызстанда 533 миң адам чакан насыя алды. Алардын басымдуусу же 20%ы Ош облусунда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.  Мекеме маалымдагандай, жалпы 37 млрд. сомго жакын насыя берилген. Бул былтыркы микрокредиттердин суммасынан дээрлик 9 миллиардга көп. Насыя алгандардын саны да былтыркыдан 12%га көбөйгөн.  Оштон кийин эле кредит алгандардын көбү Жалал-Абад, андан соң Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туу...
Society
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык автоунааларды электрондук аукционго койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул унаалардын ээси министрлер кабинети экени белгиленген. Сатып алуу сом менен жүргүзүлөт. Электрондук аукцион auctionetp.gov.kg. электрондук соода аянтчасында жүргүзүлөт. Арыздар 20-ноябрь саат 10:00дөн тарта кабыл алына баштаган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-декабр...
Society
Кыргызгидромет билдиргендей, 22-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган жердерде жаан жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17, Ба...
Society
Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Беларустун Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун сессиясына катышат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сессия Беларус президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт. Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт. Уюмдун мүчөлөрү эл аралык жана регио...
Society
Журналист, Nazarnews сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкетин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү кайрылган. Сот арызды 20-ноябрда карады жана Шерипбаеваны 15-январга чейин үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарды. УКМК анын бөгөт чарасын өзгөртүү арыз...
Politics
Бишкекте соттолуп, 20-ноябрда бошотулган чеченстандык активист Мансур Мовлаевди өлкөдөн чыгаруу өкүмүн аткаруу милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка жүктөлдү. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, соттук коллегиянын өкүмү менен Биринчи Май райондук сотунун 4-октябрдагы өкүмү өлкөдөн чыгаруу тууралуу бөлүк менен толукталды, Мовлаев жаза м...
Society
Шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу мыйзамы тармактык комиттете бүгүн, 21-ноябрда каралып, биринчи окуудан өттү.  Аталаган мыйзамды депутат Тазабек Икрамов демилгелеп, 13-июлда коомдук талкууга койгон. Анда президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпагандарга 5 миң сомдон айып салууну сунуштоодо. Икрамовдун айтымына караганда, соңку жылдары элдин шайлоого болгон жоопкерчилиги төмөндөп кеткен. "Жарандар шайлоого 90-100% келип берсе...
Society
Чыңгыз Макешов экономика жана коммерция министринин орун басары кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындан тышкары, экономика министринин үч орун басары Назарбек Малаев, Кубанычбек Закенаев, Канатбек Абдрахманов кызмат ордунан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин экономика министринин алты орун басары бар экени белгилүү болгон. Кийин Министрлер кабинетинин чечими мен...
Society
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 17-ноябрдагы жыйын учурунда Сурхандарыя облусунда ири өнөр жай долбоорлору ишке ашырыларын айтты. «Мен элибиз жакшы жашасын деп анын жүгүн жеңилдетүү үчүн абдан чоң максаттар жана так пландар менен быйыл Сурхандарыяга үчүнчү жолу келдим», — деген Мирзиёев. Ал Сурхандарыяда жалпы суммасы 3,3 миллиард долларды түзгөн төрт жаңы ири өнөр жай долбоору менен таанышып чыкты. Анын ичинде 2024-жылы ишке кирише турган Байсун газ-...
Society
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну дагы күчөттү. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ырастады. "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү", - деди Аскат Алагөзов. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чечим соңку убакта атайын кыз...
Incidents
Бишкектин Арча-Бешик конушунда көчөгө ташталган ымыркайдын апасы делип 20 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди. Маалыматка караганда, ал тергөө кызматына жеткирилди. Саламаттык сактоо министрлиги бала реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирди. Абалы туруктуу деп бааланууда.  19-ноябрда болжол менен саат 22:45 чамасында Ленин райондук милициясына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин...
Society
Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСин кайтарып турган 20 жаштагы жоокер октон каза болду. Окуя бүгүн, 20-ноябрда болжол менен эрте мененки саат алты чамасында болгон.  ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы маалымдагандай, кароолдо турган аскер кызматкери жанындагы жоокерди атып алган. Кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Жыйырма жаштагы жоокер алган жаратынан улам ошол жерде каза болгон.  Учурда аскердик бөлүктүн кызматкерлери милиция мен...
Акыркы жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнү: Түркияга барып, кайталангыс даамдагы кофе ичиңиз
15:07, Бүгүн
Нарындын алыскы райондоруна интернет жеткирилет
14:32, Бүгүн
Өткөн жума ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 20 762 факт аныкталды
14:30, Бүгүн
Араванда эгиз кыздарын сабоого шектелген келинди энелик укуктан ажыратуу сунушталды
14:28, Бүгүн
Чет өлкөдөн энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
14:26, Бүгүн
Кырыгзстанда өлгөн жана төрөлгөн адамды мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү долбоору жанданды
14:23, Бүгүн
Эртең өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт
14:22, Бүгүн
Республикалык кароо сынакта Ош шаарынын таланттары алдыңкы орундарды ээлешти
13:04, -ж., 2-декабрь
Президент базарлардагы нааразылыктар боюнча жумушчу комиссия түздү
12:58, -ж., 2-декабрь
Опера жана балет театрынын директору кармалды
12:56, -ж., 2-декабрь
Жаңылыктар рубрикалары