Business' news
Society
14:51, -ж., 27-ноябрь
Кечээ, 26-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү кабат үйлөрдүн он бири келерки жылдын сентябрында толук бүтөрүн билдирген. Он бир үйдүн ар бири 18 кабаттан туруп, жалпы 986 батир бар. Бул аймакта жалпысынан 39 үй курулуп, мамлекет аркылуу жеңилдетилген шартта ипотекага берилет. П...
Society
14:49, -ж., 27-ноябрь
Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланыш түзгөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМКсынын мамлекеттик кызматкерлер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы мүмкүн болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзгөн ишинин жүрүшүндө Токтогул шаарынын мэри Т...
Society
14:47, -ж., 27-ноябрь
"Ну-ка, все вместе!" вокалдык конкурстун бешинчи сезонунда кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев экинчи орунду ээледи. Аталган сынакта жалпы 64 вокалист күч сынашты. Мелдеште 100 калыс бар. Алар ар бир катышуучунун өнөрүнө баа берет. Биринчиликти Тажикстандык Фаррух Хасанов жеңип алды. 3-орунду Орусиялык Софико Кардава ээледи. Аталган сынакта Кыргызстандын атынан Бек Исраилов дагы катышып, финалга чейин жетти. Мелдештин баш байгеси 5 миллион рубль.
Society
14:46, -ж., 27-ноябрь
Бирикен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык жүк ташуучу 61 унаасы Газа тилкесинин түндүк аймагына кирди. Бул Палестин - Израил согушу башталгандан бери бир сутка ичинде жеткирилген эң чоң жардам болуп калды. Газага суу, тамак-аш жана дары-дармектер жеткирилди. Акыркы күндөрү катуу кармаштар жүрүп жаткан "Ас-Шифа" ооруканасына 11 "Тез жардам" унаасы, үч автобус жана эвакуация жүргүзүүчү жүк машина жеткирилди. 25-ноябрь күнү кечинде Израилдин Ницана айылынан...
Society
14:44, -ж., 27-ноябрь
Баткен райондук сотунун чечими менен президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. 11-январга чейин камакка алынды. Облустук соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал Оштогу тергөө абагында кармалат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда кабарлаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши ко...
Incidents
14:42, -ж., 27-ноябрь
Cоциалдык тармактарда тараган видеодон кийин Ош облустук ички иштер башкармылыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилди. Ал эми анын орун басарлары Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу 27-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Усеналиев ыкчам иштерди, Шералиев коомдук коопсуздукту жана Асанбаев кадр тармагын карачу. "Кызматкерлердин бул жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак н...
Economics
14:38, -ж., 27-ноябрь
Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрүнө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирүү сунушталууда. Мындай токтом долбоорду 22-ноябрда Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, төмөнкү ишкердиктин түрлөрү ККМ аппаратын колдонууга милдеттүү болушат. 1. Алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды гезит-журнал күркөлөрүндө сатуу; 2. Ко...
Society
14:55, -ж., 24-ноябрь
«Өлкөдөгү бардык кирешелүү объектилерде бандиттердин үлүшү бар болчу, биз аларды мамлекетке кайтарабыз. Жалпысынан 1,2 миллиард долларга жакын акчалай жана мүлк түрүндө өлкөгө кайтарылат». Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында айтты. «Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү алкагында 1 млрд 200 млн доллардан ашык акчалай жана мүлк түрүндө мамлекетке өткөрүп берип жатабыз. «Күрмөнтү...
Society
14:53, -ж., 24-ноябрь
Күн мурун Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Исаев З. Ахмедовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын Ош шаарындагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосунда өнүгүп келе жаткан достук өнөктөштүктү белгиледи. Башкы консул Өзбекстанда 300 миңден ашык кыргыз улутундагы жара...
Society
14:51, -ж., 24-ноябрь
Араван районунда 9 жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тоо-Моюн айылындагы «Кызыл-Талаа» мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. «Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин до...
Society
14:49, -ж., 24-ноябрь
Кыргызгидромет билдиргендей, 25-ноябрда өлкө аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10, Нарын облусунда түнкүсүн -7…-2, күндүз +5…+10. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурас...
Society
14:45, -ж., 24-ноябрь
Дүйнөлүк банк "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга насыя берет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы өлкөнүн энергетикалык тармагына 74,9 миллиард сом бөлүнүп, жакынкы жылдары ири долбоорлор ишке ашырылат. "Токтогул, Камбар-Ата-2 жана Үч-Коргон ГЭСтерин модернизациялоону аяктап, алардын кубаттулугу көбөйөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр, Көкөмерен, Сары-Ж...
Society
14:41, -ж., 24-ноябрь
Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйында депутат Улугбек Ормонов Теңгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча сот чечими коомчулукта талкууланып жатканын айтып, 800 миң сом төлөп чыгып кеткени боюнча түшүндүрмө сурады. Ал башкы прокурорго "мамлекеттен миллиардап уурдап, 800 миң сом менен кутулуп кеттиби? Зыяндын ордун толтурдубу?" деп суроо узатты. "Соцтармактарда "убагында ал миллиардан ашык зыян келтирди. Качан ордуна коёт? Анан 800 миң төлөп соттон чыгып кетти" деп жазы...
Culture
15:54, -ж., 23-ноябрь
Түркиянын борборунда жайгашкан атактуу неолит доорунун казуу аянты болгон Чаталхөйүк зыяратчыларды убакытты артка кайтарууга жана ачылышы тарыхый түшүнүктү өзгөрткөн шаар конушун зыярат кылууга чакырат. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Чаталхөйүк 9000 жылдан ашкан бир коом жөнүндө түшүнүк берет. Тагыраагы, андагы артефакттар, ылай кирпичтен салынган үйлөр жана храмдар ошол мезгилде алгачкылардан болуп отурукташкандардын жашоосун, ишенимд...
Economics
15:47, -ж., 23-ноябрь
Быйыл тышкы карыз үчүн 344 млн доллар төлөндү. Кийинки жылы 400 млн доллар, 2025-жылы 430 млн доллар төлөнөт. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында айтты. Ал белгилегендей, 2030-жылга чейин өлкөдө тынчтык болуп, экономика турукташуусу керек. «Эң ири көйгөй тышкы карыз болуп жатат. Анын эң чоң бөлүгүн төлөө азыркы бийликке туш келген экен. Карызды төлөө үчүн биздин бюджет профицит болушу керек....
Society
15:46, -ж., 23-ноябрь
Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып айтты. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады, ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түшкөн. Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Курал-жарактар, учкучсуз учак...
Health
15:44, -ж., 23-ноябрь
Кыргызстанда дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен ооругандар көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 13-19-ноябрында республика боюнча 4665 учур катталды. Өткөн жумага салыштырмалуу курч кармоочу респиратордук илдет менен ооругандардын 23,9%га өскөнү байкалды. Бейтаптардын 64,2%ы 14 жашка чейинки балдар.
Society
15:38, -ж., 23-ноябрь
Министрлер кабинетин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да коопсуздугу толук караларын билдирди. Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ташиевдин коопсуздугу боюнча меселе көтөрүп, мамлекет тарабынан анын үй-бүлөсүн кайтарганга кандай чара көрүлүп жатканын сурады. "Биз эч кимге Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да бир да тал чачын жерге...
Акыркы жаңылыктар
14:32, Бүгүн
14:22, Бүгүн
13:04, -ж., 2-декабрь
12:58, -ж., 2-декабрь
12:56, -ж., 2-декабрь