Business' news
Society
15:43, -ж., 9-ноябрь
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Сеул шаарында Кыргызстандын расмий желегинен айырмаланган желектин илинип турганы боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, ыкчам териштирүү жүргүзүлүп, туу Тэджон шаарындагы "Hanbat National" окуу жайынын кире беришинде тагылганы аныкталган. Элчилик аталаган окуу жай менен байланышып, илинген желек боюнча маалымдап, түшүндүрмө сураган. Университеттин жетекчилиги тууну жергиликтүү фирмадан буйрутма беришкенин,...
Incidents
15:40, -ж., 9-ноябрь
Баткен облусунда келишимдик негизде иштеп жаткан 27 жаштагы прапорщик башынан оор жаракат алып каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады. Окуя 8-ноябрда болгон. Мекеменин маалыматы боюнча, кырсык атайын спорттук иш-чараларда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан. Прапорщик баш сөгүнөн жаракат алып, шашылыш түрдө Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. А...
Society
11:56, -ж., 8-ноябрь
Ош көчөсүнүн Ж. Райымбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдыктар башталып, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Иштин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып, тургундар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Түшүндүрүү иштеринин алкагында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу жолдун чек ара...
Society
11:54, -ж., 8-ноябрь
Президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул күндүн маанисине токтолуп, кыргыз эли канча кылымдардан бери сакталып келе жатканын белгилеп өткөн. Төмөндө Президенттин кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз. «Ар бир элдин басып өткөн тарыхы, тили жана маданияты ошол элдин бүгүнкү, эртеңки жашоосу үчүн өтө маанилүү. Анткени, ошол тарых-таржымалы менен байтүп мамлекеттин келечеги калыптанат, а...
Society
11:52, -ж., 8-ноябрь
Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 8-9-ноябрда Ташкентте Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммити өтөт. Иш-чарага Азербайжандын, Ирандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Өзбекстандын Президенттери, Казакстандын, Пакистандын премьер-министрлери катышат. Отурумда Уюмдун күн тартибиндеги акту...
Society
11:50, -ж., 8-ноябрь
Ошто 3 аскер жол кырсыгына кабылып, бирөө ошол жерде каза тапкан. Маалыматты Коргоо министрлигинен тастыкташканын «Спутник Кыргызстан» сайтына жарыялады. Кырсык кечээ, 7-ноябрда түнкү саат 00:40 чамасында болгон. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында катардагы аскерлер бараткан унаа жүк ташуучу фура менен кагышкан. Аскерлердин бири ошол жерден жан берген, экөө учурда облустук ооруканада жатат. Абалы оор экени кабарланды.
Society
11:47, -ж., 8-ноябрь
Бишкекте Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Кыргыз улуттук «Манас» театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан айтыштын тандоо туру 15-ноябрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында уюштурулат. Ал эми жарым финалд...
Society
11:44, -ж., 8-ноябрь
Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Өлкө башсы кыргыз журналистикасы эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келээрин айтып, “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болгонун, мындан ары да боло берээрин белгилеген. “Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын...
Society
11:40, -ж., 8-ноябрь
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды. Кечээ, 7-ноябрь күнү Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду. Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазб...
Society
11:36, -ж., 8-ноябрь
Орусиянын Ички иштер министрлиги жакында Москва аэропортторунда мигранттардын бармак издерин алып (дактилоскопия), аларды сүрөткө тарта баштайт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги ИИМдин Миграция башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казаковага шилтеме кылып жазды. "Тилекке каршы, азырынча чек араларда дактилоскопия иши жүргүзүлбөйт. Бирок Москва бийлигинин сунушу менен биз жакында бул жараянды баштайбыз деп ойлойм. Ошондо гана маалыматтарын өзгөртүп келгендер Орус...
Society
14:38, -ж., 6-ноябрь
Биринчи айланма Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин ишин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров көрүп чыкты. Жапаров Энергетика министрлигине жана Суу чарба кызматына сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарт...
Society
14:37, -ж., 6-ноябрь
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 7-ноябрда өлкө аймактарында жаан чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15. Бишкек шаарында...
Society
14:34, -ж., 6-ноябрь
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эл аралык театр фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Фестивалда аталган театр “Күн кармаган бала” спектаклин көрсөткөн. Аны кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон. Бул ТҮРКСОЙ уюштурган алгачкы театр фестивалы....
Incidents
14:32, -ж., 6-ноябрь
2-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Нурмухаммед Мадумаровду бир жылдык мөөнөткө айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратты. Маалыматты "Т-Медиага" Жогорку соттун басма сөз кызматы тастыктаган. Мекеменин билдиришинче Аламүдүн райондук жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан Нурмухаммед Мадумаровго карата протокол түзүлгөн. Документте анын 29-октябрда мас абалында "Ford Fusion" үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатканы жазылган. Мадумаров Кылмыш-жаза к...
Society
14:30, -ж., 6-ноябрь
Ош-Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жардам берген милиция кызматкеринин экинчиси Орозмамат Акуналиев көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Маалыматка ылайык, Акуналиевге 5-ноябрда операция жасалган. Бирок операциядан чыккандан көп өтпөй көз жумган. 30 жаштагы Орозмамат Акуналиев Кызыл-Кыя ШИИБдин улук тергөөчүсү болуп эмгектенип келген. Артында үч бала...
Society
15:03, -ж., 4-ноябрь
3-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, көчмө техникалык кеңешме өткөрүп, жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 таза суу кампасын курулушунун жаңы долбоорун талкуулады. Көчмө жыйынга тиешелүү кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, сунуш-пикирлерлерин айтышты. Ошондой эле жеринде тиешелүү кызматтарга тийиштүү тапшырмалар берилди. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата Ош шаарында жалпы көлөмү 24...
Society
14:57, -ж., 4-ноябрь
Ар бир адамды кызыктыруучу өзгөчөлүгү бар жерлердин бири болгон Түркия саякатчыларга кереметтүү жаратылышты, укмуштуудай пляждарды, байыркы шаарлардын ачык асман алдындагы музейлерин жана ар түрдүү аймактык ашканаларды жана иш-чараларды сунуштайт. Мындан тышкары,бул өлкөдө глобалдык атактуу архитекторлор тарабынан иштелип чыккан жашыл гольф талаалары орун алган. Анда эмесе Туркияда гольф оюндары качан башталып, кантип өнүккөн алдыда чакан маалымат берип...
Society
14:51, -ж., 4-ноябрь
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, мамлекеттик тышкы карыз төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет деп белгиледи. Өлкө башчынын айтымында, мурда тышкы карызды төлөө үчүн кайра эле тыштан карыз алынып, же гранттык каражаттар менен жабылып келген. «Эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгон күндөн тартып 2020-жылга чейин чогулган карызыбыз 5 млрд АКШ долларынын тегереги болгон. Ушул карызды үстөгү менен толу кайтара турган мезгил...
Акыркы жаңылыктар
14:32, Бүгүн
14:22, Бүгүн
13:04, -ж., 2-декабрь
12:58, -ж., 2-декабрь
12:56, -ж., 2-декабрь