• Башкы бет
  • Кара-Сууда 63 жаштагы жаранды 9 миң долларга алдаган жаран кармалды
14:03, -ж., 31-январь

Кара-Сууда 63 жаштагы жаранды 9 миң долларга алдаган жаран кармалды

Кара-Сууда 63 жаштагы жаранды 9 миң долларга алдаган жаран кармалды

Кара-Суу районунда бир адамдын ири суммадагы акчасын алып кетүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу райондук милициясына Шарк айылынын 1963-жылы туулган тургуну арыз жазган. Андан белгилүү болгондой, өткөн жылдын 24-декабрында өзүн «Султан» деп тааныштырган бир адам «Кореядан алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп берем» деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, ошол бойдон из жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш ачылып, шектүү издөөгө алынган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, 1990-жылы туулган И. И. кармалып, камакка алынган.

Учурда анын мындан башка да кылмыш иштерине катышы бар-жогу иликтенип, тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#алдамчылык

Комментарийлер

live comments feed...