• Башкы бет
  • Тармактык комитети "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
13:58, -ж., 31-январь

Тармактык комитети "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Тармактык комитети "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

30-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алып берди. Документке депутат Тазабек Икрамов менен Бактыбек Чойбеков каршы добуш берди. 

Комитет жыйында Икрамов адамдарды каралаган маалыматтар массалык маалымат каражаттарынан эмес, фейк аккаунттар тарабынан болуп жатканын билдирип, сөз эркиндигине басым жасалбашы керектигин айтты.

"Мен жөнүндө бир топ каралоо маалыматтар болду. Бирок ал каралоолор массалык маалымат каражаттарынан чыккан жок. Ал өзүн көрсөтүп, ачыктагысы келбеген фейк аккаунттардын тобу тарабынан жүрдү. Ошого азыр биз биринчи фейк аккаунттарды жүргүзгөндөр менен күрөшсөк. Ар бир бийлик бул мыйзамдын арты менен алардын (ред-ЖМКлар) лицензияларын алып, мүмкүнчүлүгүн чектеп койбошу керек. Негизи ар бир адам ой-пикир айта алыш керек. Эгерде ал жалган болсо, сот аркылуу гана туура эмес маалымат экени аныкталып доого жыгылыш керек", -деген ал.

Ал эми Бакытбек Чойбеков сунушталып жаткан мыйзам долбоору журналисттердин эркиндигин чектей турганын айтты. Ал документти талкулоодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа өкүлдөрү менен эки жолу гана жыйын өткөргөнүн сынга алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ЖМК жөнүндө мыйзам

Комментарийлер

live comments feed...