• Башкы бет
  • Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатынан күмүш медаль утту
13:15, -ж., 10-февраль

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатынан күмүш байгени алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, Расулбеков 102 килограммга чейинки салмакта катышкан. Ал түртүп көтөрүүдө 173 килограмм, жулкуп көтөрүүдө 213 килограмм көтөрүп, жалпы салмак 386 килограммды түзгөн.

Бул салмакта алтын байгени Өзбекстандын Акбар Жураев, ал эми коло байгени тайпейлик Жень-По Чен ээледи. 

Азия чемпионаты Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат. Буга чейин кыргыстандык оор атлетчилер Эмил Молдодосов, Нурсултан Тармалов жана Татьяна Мельниченко коло медаль утушкан.

Бекдөөлөт Расулбеков 27 жашта. Оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 6-орунду ээлеген. 2022-жылы Түркияда өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында коло байге уткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бекдөөлөт Расулбеков

Комментарийлер

live comments feed...