Комиссия имараттардын жер титирөөгө болгон туруктуулугун текшерип баштады

Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин тескемеси менен түзүлгөн комиссия Бишкек шаарынын төмөнкү аймактарына текшерүү жүргүздү:

— «Авангард Стиль» ЖЧКсы салып жаткан Орто-Сай айылы, контур 5 дарегиндеги «Авангард сити» көп кабаттуу турак жайы жана ага караштуу бала бакча;

— Ушул эле компаниянын Токомбаев көчөсү, 15/2 дарегиндеги «Елисей талаалары» имараты менен автопаркинги;

— «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы салып жаткан Токомбаев көчөсү, №15 дарегиндеги 14 кабат имарат менен анын жер төлөсүндөгү автопаркинг.

«Комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун, ошондой эле курулуш имараттарында бетондун бекемдигин жана арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугун текшерди», — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, мекемелер аралык комиссия ишинин жыйынтыгы боюнча отчётту үч айдын ичинде берүүгө тийиш.

14:29, -ж., 27-февраль