Society
Чыпкалар
Чыпкалар
Society
15:04, -ж., 25-март
Сутка ичинде өлкөнүн аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абадда 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Министрлик билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.
Society
14:53, -ж., 25-март
Бишкектеги №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкекте өткөн Борбор Азия IT форумунда билдирди. Министр дүйнө учурда өтө тездик менен өнүгүп жатканын айтып, санарип технологиялардын жана жасалма интеллекттин доору келгенин белгиледи. Ошондой эле ал №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалып жатканына т...
Society
14:44, -ж., 25-март
Кыргызгидромет билдиргендей, 26-мартта аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23, Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкү...
Society
14:39, -ж., 25-март
Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Алар кооптуу жерден 2 км 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулган. 22-март күнү саат 05:00 чамасында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн. м3 жер көчкү түшкөн. Ага ылайык райондук бийлик тарабынан I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган. Аталган аймакта жайгашкан 18 турак жа...
Society
14:32, -ж., 25-март
25-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылындагы талаада кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, болжол менен саат 11:20да ачык аянттагы беш сотых жер күйүп баштаган. Өрттү өчүрүүгө төрт күжүрмөн эсеп тартылган. Мындан тышкары Токой чарбасынан 10, Тоң райондук милициядан 12 кызматкер жана 15 жергиликтүү тургун көмөк көрсөтүүдө. 24-мартта Көк-Мойнок 2 айылындагы талаада тутанг...
Society
13:23, -ж., 24-март
23-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран” МАБдагы “Эдельвейс” дачасынын жашоочулары менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн мэрге айтышты. Бакытбек Жетигенов жергиликтүү калктын маселелерин чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү жагдайларга басым жасалды: - жарандардын буга чейинки кат түрүндөгү кайрылууларына ылайык жолдорду тегиздөө иштери аяктады; - алдыда электр мамылары...
Society
13:13, -ж., 24-март
Жапониянын өкмөтү Баткен облусунда табигый кырсыктарга туруштук бере турган жолдорду салуу үчүн 5,3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, гранттык келишимге Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаевдин, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годанын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда 23-мартта кол коюлду. «До...
Society
17:21, -ж., 23-март
Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Ал жайлар санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу ж.б. шарттары жок иштеп жүргөн. Мындан тышкары, юстиция жана салык органдарында катталышкан эмес. Клиникалар протездөө, им...
Society
17:18, -ж., 23-март
Үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай — Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат. Ошол эле учурда бул анын Кытайга президент болуп дайындалгандан бери биринчи мамлекеттик сапары экенин белгиледи. «Биз бул сапарга чоң көңү...
Society
17:16, -ж., 23-март
Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 24-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундас...
Society
17:13, -ж., 23-март
Кыргызстанга Кореядан жаңы унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан «А.Б.У» ЖЧКсынын дарегине Кореядан Hyundai, Land Rover, Spain автоунаасы, автоунаа тетиктери жана кыймылдаткычтар келип түшкөнү аныкталган. Унааны текшерүү учурунда декларацияланбаган 4444 даана унаа тетиги табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5592 кг түзгөн. Аталган...
Society
17:09, -ж., 23-март
Чехия Орусия менен Беларустун жарандарына виза берүүгө киргизилген тыюунун мөөнөтүн бир жылга, тагыраагы, 2024-жылдын март айына чейин узартты. Мындай чечимди чех өкмөтү 22-мартта кабыл алды. Ички иштер министрлигинин сунушу менен бул тыюу башка өлкөнүн жарандыгы бар орусиялыктар жана беларустарга тиешелүү болот. Ошол эле маалда аларга виза гуманитардык себептерден улам берилиши мүмкүн. Тыюу Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын жакындарына жана...
Society
17:05, -ж., 23-март
2023-жылы Ош шаарында маданий иш-чараларды өткөрүүгө калаа бийлиги 5 миллион сом ажыратты. Бул сумма былтыркыга салыштырмалуу бир жарым эсеге көп. Бул тууралуу «Т-Медиа» мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркуловго шилтеме берүү менен жазды. Шаардык казынадан бөлүнгөн каражат дизайнерлердин эл аралык көргөзмөсүн, кол өнөрчүлөрдүн фестивалын өткөрүүгө жана сармерден, КВНдерди уюштурууга жумшалат. «Быйыл Ош шаарында алгачкы жолу...
Society
16:59, -ж., 23-март
Бишкек «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Рыспек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Мекеме тараткан маалыматка карганда, ага карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. «С.Р.А. 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезд...
Society
13:58, -ж., 22-март
Жол кыймылын бузган айдоочулар ЖКККББнын кызматкерлерине акча сунуштаса, жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Билдирмеде ЖКККББнын өздүк курамында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милициянын баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу иштери жүрүп жатканы айтылат. «Алардын ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан иш катуу жүргүзүлүп жатат. Бирок жол эрежесин бузгандыгы үчүн маселени жеринен чеч...
Society
13:56, -ж., 22-март
Бүгүн, 22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Олимпиаданын IV этабында (республикалык) III этапта (облустук) алдыга озуп чыккан 325 окуучу төмөндөгү 10 предмет боюнча таймашууда: · ...
Society
13:52, -ж., 22-март
Бүгүн, 22-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 875 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 251 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 273 куб метрди түзүүдө. Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, ки...
Society
13:45, -ж., 22-март
Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданында «Нооруз-2023» майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Таластын «Ынтымак» командасы көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп, аларга 1 млн сом байге берилди. Экинчи орунга «Сары-Өзөн» (500 миң сом), үчүнчү орунга «Достук» командасы (250 миң сом) татыды. Оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти. Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 13-ма...
Society
13:31, -ж., 22-март
Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 21-март күнү кечинде катталган жер титирөөдөн кеминде тогуз киши набыт болду. Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында дагы эки адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды. News гезити Хайбер-Пахтунхвадагы табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын жаңыланган маалыматтарына таянып билдиргендей, жер титирөөдө жараат алгандардын саны 44кө жетти. Reuters агенттиги Пакистан...
Society
13:30, -ж., 22-март
Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 23-мартта Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасынын бир аз төмөндөшү мүмкүн. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18, Ош, Жалал-Аб...
Society
13:23, -ж., 22-март
Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Тергөө чаралары Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин («Мыйзамсыз ишкердик») негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөрүлдү. Көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору 17-мартта кармалды. Аталган жайлардын ар биринин ай сайын акча ж...
Society
16:27, -ж., 20-март
Ысык-Көл облусундагы аэропорттун кулап калган тосмо дубалын подрядчы фирма калыбына келтирет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымына караганда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. «2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн ка...
Society
16:25, -ж., 20-март
Бишкекте бүгүн «Кыргызстан–БАЭ» бизнес-форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирет. Форумдун ишине саламаттыкты сактоо, туризм, курулуш, товарлардын экспорт-импорту жана тамак-аш, косметика, меймандостук, акыркы инженердик жана технологиялык чечимдер, электр техникасы сыяктуу тармактарда кызматташууну түзүүгө даяр болгон БАЭнин 20дан ашык алдыңкы компаниялары катышууда. Ошондой эле иш-чаранын алкагында...
Society
16:19, -ж., 20-март
Ош шаардык мэриясы Мамлекеттик социалдык заказ долбоору боюнча эки багытта иш алып баруу үчүн коммерциялык эмес уюмдардын арызын кабыл ала баштады. Долбоорго коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн иш планын түзүп, катыша алат. Биринчи долбоор «Ата-энелердин жаш балдарга карата эмдөөлөргө каршы чыгуусу» деп аталат. Мында арызы кабыл алынган уюмдар эмдөөгө каршы чыккан ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул үчүн 100 миң сом каралган. Ал эми экинчи багыт...
Society
16:14, -ж., 20-март
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү уюмдарынын жетекчилерин өнүктүрүү долбоорлорун жазууну үйрөнүүгө чакырды. Бул тууралуу министр мектепке чейинки билим берүү тармагынын учурдагы абалы, көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору тууралуу тиешелүү адистер менен болгон жыйында билдирди. Жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова өлкөдө старт алган «Өкмөттүк акселераторло...
Society
16:11, -ж., 20-март
УКМК 18-мартта Бажы кызматынын жооптуу кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Кармалгандар Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы маалымдалган. Камчыбек Ташиевдин буга чейин коррупцияга шектелип кармалган Бажы мамлекеттик кызматкерлери тууралуу түшүндүрмө берген видеосу соцтармакта тарады. Анда Ташиев жалпы 8 адам кармалганын, алардын арасында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси да...
Society
11:30, -ж., 18-март
Жогорку Кеңештин депутаттары 10 күн аймактарды кыдырат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эл өкүлдөрү 22-марттан 31-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат. Мындай чечим 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынып, бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому жактырылды.
Society
11:26, -ж., 18-март
Бишкек шаарынын мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынарын эскертет. Маалыматка караганда, тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоого болот, андан кийин алар «Тазалык» ишканасы тарабынан чыгарылат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат. Эгерде мыйзам бузуу фактылары катталса жеке жактарга 7 миң 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айыппул салына...
Society
11:24, -ж., 18-март
Улуттук коопсуздук кызматы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип кармалганын билдирди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. «Күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ошол эле учур...
Society
11:22, -ж., 18-март
Быйыл минералдык жер семирткичтер былтыркы баага салыштырмалуу 20-25 %га арзан сатылууда. Аны өлкөнүн бардык аймагынан тапса болот. Кыргызстанда Өзбекстандан өндүрүлүп алынып келинген аммиак селитрасынын баасы 1кг үчүн 28-30 сом, карбамид 36-38 сом жана түндүк аймактарда аммиак селитрасы 30-32 сом/кг, карбамид 38-40 сом баада сатылып жатканын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин аймактык башкармалыгы билдирди. Бул баа былтыркыда...
Society
13:31, -ж., 17-март
Нооруз майрамына карата Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан жашоочулар арасында спорттун ар кандай түрлөрү (шахмат, гиря көтөрүү, аркан тартыш, кол күрөш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Шаардык маданият башкармалыгы популярдуу эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштуруп жатат. “Манас-Ата” МАБда концерттик программа жана спорттук мелдештер башталып, ага...
Society
13:29, -ж., 17-март
АКШ Украинага кезектеги аскердик жардам топтомун сунат. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби маалымдады. Азырынча АКШнын Украинага кезектеги жардамынын суммасы айтыла элек. Алдын ала маалыматтар боюнча ири суммада болушу күтүлүүдө. Аны жакынкы күндөрдө жарыялашат. Жон Кирбинин айтымында, бул жардам «дүйнөдө теңдеши жок» колдоолордун бири болот. 15-мартта видеоконференция форматында Украинанын коргонуусу боюнча байланыш тобунун жыйыны өтүп, анда 40тан ашык...
Society
13:25, -ж., 17-март
Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде сүйлөп жатып, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады. Ошондой эле ал Түркмөнстан жакынкы келечекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) толук кандуу мүчөсү болот деген үмүтүн билдирди. Бердымухамедов 2024-жылы Түркмөнстандагы Мерв (Мара) шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоону сунуш кылды. Февралдагы жер титирөөл...
Society
13:22, -ж., 17-март
24-мартта Бишкек шаарында боло турган Борбор Азия технологиялык форумуна 5 мамлекеттин IT-лидерлери катышат. Иш-чара Кыргызстандагы экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан уюштурулууда. Форумга Американын Amazon электрондук соода платформасынын аймактык IT-директору, Вашингтон университетинин IT-билим берүү боюнча эксперттери, JETRO тышкы с...
Society
13:19, -ж., 17-март
Бишкектин административдик соту «Азаттык Медиа» мекемеси банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу Финансылык чалгын кызматы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке каршы жазган арызды кароону токтотту. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди. Анын айтымында, сот мындай чечимди «Азаттык Медианын» Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесинен чыгарылганына байланыштуу кабыл алганын билдирди....
Society
13:16, -ж., 17-март
Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары нааразылык акцияга чыгышты. Акция «Эркиндик жана адилеттик үчүн» деп аталып, катышуучулар сөз эркиндигине болгон басымды, тергөө абагында жаткандарды актоону, адилеттүү сот системасын түзүүнү талап кылышууда. Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы...
Society
14:15, -ж., 16-март
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Курманжан-Датка МАБ менен биргеликте мыйзамсыз жарнак объекттерин демонтаждоо боюнча рейддерди өткөрүүдө. Рейддин биринчи күнүндө шаардын Масалиев, Навои жана Тилеке Баатыр көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган 85ке жакын жарнактар алынып салынды. Көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча 34 эскертүү берилди.
Society
14:12, -ж., 16-март
Facebook, Instagram социалдык тармактарына, Whatsapp, Messenger платформаларына ээлик кылган Meta Platforms корпорациясынын президенти Марк Цукерберг дагы 10 миң кызматкерди иштен бошотууга даярданып жатканын маалымдады. Марк Цукерберг өз кайрылуусунда буга экономикалык жагдай түрткү болуп жатканын, кыскартуу процесси өтө оор өтөрүн белгилеген. Ошондой эле учурда зарыл делген 5 миң бош орунга жумушчу-кызматкер алуудан баш тартканын билдирген. Кыскартуу алг...
Society
14:06, -ж., 16-март
17-19-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2, Талас районунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Кыргызгидромет билдиргендей, 17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт, жаан-чачын жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы...
Society
14:05, -ж., 16-март
Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Ал кечээ, 15-мартта Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барган. Жолугушууда Режеп Тайып Эрдоган Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгилеген. «Тактап айтканда, жиберилген кутка...
Society
16:40, -ж., 15-март
17-19-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2, Талас районунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк өрүк бүчүрлөрү жана гүлдөрү үчүн, мөмөлүү дарактардын эрте гүлдөй турган сортторунун бүчүрлөрү үчүн кооптуу. Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 16-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк айм...
Society
16:31, -ж., 15-март
Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Иманалиевди министрликтин эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган. Кайрат Иманалиев президенттин 9-марттагы буйругу менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулган.Ал УТРКны 2022-жылдын...
Society
16:28, -ж., 15-март
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткенде тартылган видеодогу маалыматты төгүндөдү. Маалыматка караганда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына куралчан кирген эмес. 12-мартта Баткендеги Сай айылынын жергиликтүү тургуну өзбек чек арачылары курал менен Кыргызстандын аймагына өтүп кеткени тууралуу видео жарыялаган. Бул маалыматтан кийин эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнү маалымдалды. Анда өзбек тарап...
Society
16:24, -ж., 15-март
Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Абировдун мушташкан окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Алар кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берүү же четке кагуу корутундусун чыгарат. Аягында көпчүлүк добуш менен чечилет. Комиссиянын курамына «Ыйман нурунан» Замирбек Мамасадыков, Дастан Бекешев, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Айгүл Айдарова, «Ишенимден» Бахридин Шабазов, «Ата-...
Society
16:21, -ж., 15-март
15-марттан 19-мартка чейин тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка караганда беш күн жаан-чачын болот. Ошондой эле, абанын температурасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу кар көчкү болушу мүмкүн. Кар күрткү күтүлгөн ашуулар: § Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), § 198-260 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); § Суусамыр-Талас-Тар...
Society
16:19, -ж., 15-март
Баткен облусунун Кадамжай районунда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 14-март күнү түнкү саат 21:45 чамасында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында белгисиз айдоочу унаасы менен 2017-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Натыйжада жөө жүрүүчү А.Н. аттуу жаран денесинен жаарат алып, Кадамжайдагы оорукананын сы...
Society
16:10, -ж., 15-март
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2023-жылга садака-фитирдин баасын жана зекеттин өлчөмүн бекитти. Быйылкы садака-фитирдин баасы 50 сомдон 986 сомго чейин бекитилди. Ар бир колунда бар адам муфтият көрсөткөн өлчөмдүн ичинен каалаганын тандап алып садакага берсе болот. Садака-фитир чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине эсептелип берилет. Ал эми, зекетти байлыгы зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жы...
Society
12:59, -ж., 14-март
Ушул жылдын 8-мартынан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны бир топ азайган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти. «Жакынкы үч жылдын 9-мартынан тартып 12-мартына чейинки үч күндүн жыйынтыгына талдоо жүргүзө турган болсок; 2021-жылдын үч күн ичинде 180 мас айдоочу аныкталган. 2022-жылдын үч күнүндө 247 мас айдоочу. Ал эми 202...
Society
12:54, -ж., 14-март
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 48 миң 448 адамга жетти. Мерт кеткендердин ичинде 6 миң 660 чет элдик жаран бар. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги Түркиянын тышкы иштер министри Сулейман Сойлуга шилтеме менен билдирди. Сулейман Сойлу белгилегендей, сотмедэксперттер 1 миң 615 адамдын өздүгүн аныктоого аракет кылууда. Алардын айрымдары чет өлкөлүктөр, айрымдары түрк жарандары. 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8...
Society
12:53, -ж., 14-март
Аксы районунун Кербен шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун күйүп кеткен чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад о...
Society
14:51, -ж., 13-март
Президент Садыр Жапаровго Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан сабалган жаран тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ошондой эле, ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылган. «Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт», — деп айткан ал. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 12-мартка караган түн...
Society
14:47, -ж., 13-март
АКШ киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгы 12-мартта Лос-Анжелес шаарында 95-жолу тапшырылды. Жеңүүчүлөр телеканалдардын түз эфиринде жарыяланды. Алгачкы жарыяланган жеңүүчүлөрдүн арасында «Буратино Гильермо дель Торо» картинасы бар. Тасма «мыкты анимациялык көркөм фильм» сыйлыгын алды. Америка киноакадемиясынын версиясы боюнча эң мыкты экинчи пландагы актер деп, «Все везде и сразу» тасмасында ойногон Ке Хуй Куан табылды. Актриса Жейми Ли Кертис аталган тасмада...
Society
14:46, -ж., 13-март
Кыргызгидромет билдиргендей, 14-мартта аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16, Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ы...
Society
14:42, -ж., 13-март
4-мартта санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу темасында форум өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылат. БУУнун (EGDI) рейтингине ылайык, электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча Кыргызстан БУУга катышкан 193 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээледи. Бул рейтингде болгон мезгилдеги өлкөнүн эң мыкты көрсөткүчү экени айтылды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги та...
Society
14:38, -ж., 13-март
Кара-Сууда такси айдоочусун тоноого шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда окуя 25-январга караган түнү саат 05:00 чамасында болгон. Шектүү такси чакырып, айдоочу дарекке барганда анын денесине жараат келтирип, 10 миң сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алган. Кийин жабырлануучунун арызы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция шектүүнү...
Society
14:37, -ж., 13-март
13-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан өрт чыгып, ичиндегилер эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда. Аксы районунан үч, Ала-Бука районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Азырынча кырсыктын эмнеден чыкканы белгисиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова министр Гулнара Баатырова Жалал-Абадга жөнөп кеткенин кабар...
Society
14:59, -ж., 11-март
Ош шаарынын “Амир-Тимур” микрайонунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. Жашыруун жайды тинтүү учурунда 3 даана тапанча, граната жана башка курал-жарактар, ок-дарылар табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин негизинде иш козголуп, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү эксперт...
Society
14:55, -ж., 11-март
Кара-Суу районунда чек алуу үчүн арыз жазып, кезекте турган 52 миң жаран бар. Бул тууралуу район акиминин орун басары Болоткан Баяке уулу «Т-Медиага» билдирген. Учурда Жаңы-Арык айылында алардын 1500үн чек менен камсыздоого жете турган жер трансформация болуп келген. Аны бөлүштүрүү иштери жүрүүдө. «Буга чейин айыл өкмөттөр жер бөлүштүрүп бергенде токтомдо айылды эле көрсөтүп койгон. Кайсы контур, кайсы жеринде жайгашканы айтылган эмес. Ошол себептен бүгүнк...
Society
14:52, -ж., 11-март
Ош шаарында 12-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулат. Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге 2023-2024-жылдарга жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү тапшырмасы берилди. Эреже боюнча акыркы 5 сутка абанын температурасы 8 градустан жогору сакталган учурда жылуулук берүүнү токтотсо болот. Мэриядан бул норма эске алынганын билдиришти. Ош шаарын эки ишкана жылуулук менен камсыздайт. Ош Жылуулук э...
Society
14:50, -ж., 11-март
Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет өлкөнүн 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кармалган жаран Орусиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган. Кармалган жаран жасалма паспорт алып, андан кийин С...
Society
14:47, -ж., 11-март
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылында өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Мөнөк айылында жайгашкан Б.Рыскулов акөчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:43тө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:04тө чектөөгө алынып, 09:27де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек к...
Society
14:43, -ж., 11-март
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 11-мартка карата 102 млн 822 миң 315,83 сом, 18 миң 250 рубль жана 65 миң 67 доллар чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө акча которушууда. Эскерте кетсек, Түркия менен Сирияда 6-7-февралда катуу жер титирөө катталып, кеминде 45 миңден ашуун адам көз жумган. Учурда миңдеген жарандар турак-...
Society
13:31, -ж., 10-март
Александр Лукашенко «Кылмыш жоопкерчилиги маселелери боюнча кодекстерди өзгөртүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылган аткаминерлер же аскер кызматкерлери өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди. Документ боюнча мамлекетке чыккынчылык кылууга, бийликти басып алуу максатында кутумга барууга, тыңчылык кызмат көрсөтүүгө шектелген кишилерди камакта кармоо мөөнөтү үч суткадан он суткага чейин жогорул...
Society
13:28, -ж., 10-март
Бүгүн, 10-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Аны Бүткүл Кытай эл өкүлдөр кеңешинин депутаттары бир добуштан колдоду. Кытайдагы өлкө лидерин шайлоо бүгүн таң эрте өтүп, добуш берүү жашыруун жүргөн. Шайлоого 2952 депутат катышты. Муну менен Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө шайланган алгачкы Кытай лидери болуп калды. Буга чейин Кытайдын Башмыйзамы боюнча төрага эки мөөнөткө гана шайланып келген. 70 жашын белгилөө алдында турган Си Цз...
Society
13:25, -ж., 10-март
Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу фактысынын негизинде «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Такталгандай, «Альфа Телекомдун» IT технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А. жеке катышуучулар менен келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспер...
Society
10:03, -ж., 10-март
Кайрат Иманалиев Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан маалыматта Иманалиев башка кызматка өткөнү белгиленген. Бирок кайсы тармакка кеткени айтылган эмес. Президенттин дагы бир жарлыгы менен бул орунга Болотбек Тиллебаевди дайындалды. Кайрат Иманалиев УТРКга башкы директору болуп былтыр 7-июнда дайындалган.
Society
10:01, -ж., 10-март
Алдын ала маалыматтар боюнча, быйыл Орозо айы 23-мартта башталат. Ош шаарынын тургундары үчүн Орозо календарын даярдады. Бирок айдын көрүнүшүнө жараша орозонун башталышы жана бүтүшү өзгөрүшү мүмкүн.
Society
09:58, -ж., 10-март
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп кайтарды. Ал журналисттерге маалымат жыйын берип, дарегине айтылган дооматтардын баары негизсиз экенин айтты. «Депутаттардын ар бир сөзүн укук коргоо органдары териштирип чыксын. Анын жыйынтыгы боюнча маалымат берилет деп ойлойм. Кадр маселесине эч качан кийлигишкен эмесмин, ага ыйгарым укугум да жок. Мектеп директорлору кантип шайланып жатканын баары б...
Society
09:57, -ж., 10-март
Өткөн жылы «Манас» эл аралык аэропорту 2 млн 695 миң 883 жүргүнчүнү тейлегенге жетишти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 763 миң 394 адамды түзсө, эл аралык каттамдарда 1 миллион 932 миң 489 жүргүнчү катталган. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 26,8%га жогорулаган. «Манас» эл аралык аэропортунда жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде 24 миң 254 аба каттам аткарылган. Анын ичинен ички...
Society
15:29, -ж., 7-март
«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасы жоюлса, анын функциясы Энергетика министрлигине же анын алдында түзүлгөн башкармалыкка (департаментке) жүктөлөт. Бул тууралуу аталган ишкананын төрагасы Талайбек Байгазиев «Марал» радиосунун эфиринде билдирди. Азыркы тапта бул маселе талкууланып жатат. «Жеке компаниялар менен мамлекеттик ишкананын биргеликте иш алып баруусу боюнча азырынча жол-жобо жок. Ошондуктан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жаңы мыйз...
Society
15:27, -ж., 7-март
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы 1-марттан тарта жарандарды мөөнөттүк жана альтернативдик жазгы аскерге чакыруу башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын чакыруу башкармалыгынын башчысы Сардарбек Каипов билдирди. Анын айтымында, 10-марттан баштап жарандар аскерге жөнөтүлө баштайт жана өнөктүк 12-майга чейин уланмакчы. Бул аралыкта 2 миңге чукул жаран аскерге чакырылат. «Чакырык башталганга чейин аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылу...
Society
15:25, -ж., 7-март
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 8-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+13, күндүз +17…+22, Талас об...
Society
15:22, -ж., 7-март
Жалал-Абадда жүргүнчүлөрдү ташуу агентигин шаардын балансынан чыгарып, Транспорт министрлигине өткөрүү сунушталып жатат. Шаардык кеңеш 6-марттагы сессиясында аталган маселени карады, деп жазат "Т-Медиа". Калаа мэриясынын маалыматында, мындай сунуш Министрлер кабинетинин токтомун аткаруу үчүн киргизилген. Себеби, былтыр январда өкмөт республикалык маанидеги эки ири шаарга гана жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигин иштетүүгө укук берген токтом чыгарган. Демек, мынд...
Society
15:14, -ж., 7-март
Президенттен тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан бүгүн, 7 мартта билдиришти. Садыр Жапаров 6-мартта «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.Анда мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н...
Society
14:04, -ж., 6-март
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта «Ак-Ордо» конушуна барып, үйү түрттүрүлүп кеткен Марал Шараболотова менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Султанбаевдин айтымында, Жапаров соттун чечиминен улам үйү буздурулуп, өзү балдары менен барар жери жок калган келиндин окуясы коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан, маселени жеринде териштирүүнү чечкен. «Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат м...
Society
14:01, -ж., 6-март
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Азаттыктын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчү боюнча отурумун 17-мартка жылдырды. Ага министрликтин «Азаттык» тууралуу Юстициядан тиешелүү документтери керек деген өтүнүчү себеп болгон. Министрликтин аталган доо арызында «Азаттыктан» кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялган видеоматериалы өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр а...
Society
13:58, -ж., 6-март
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана тиешелүү мекеме жетекчилер менен биргеликте Ош – Ноокат – Раззаков унаа жолун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган жолду оңдон-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош – Ноокат – Раззаков жолунун кооптуу участокторунда оңдоп-түзөө иштери м...
Society
13:53, -ж., 6-март
Президенттин жубайы Айгүл Жапарова Орусиянын Москва шаарында Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти. Айгүл Жапарова Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин иши менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты. Андан тышкары Москвадагы Кыргызстан аялдар кеңеши менен жолугушуу өткөрүп, ал жерде сүйлөгөн сөзүндө аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушк...
Society
13:29, -ж., 6-март
Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча былтыр кыргызстандыктардын орточо номиналдык эмгек акысы 26 миң 620 сом болду. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 31,8 пайызга көп. Статистикалык маалыматтарга караганда өткөн жылы көңүл ачуучу тармактарда 70%га чейин, саламатык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында, билим берүү, мамлекеттик башкаруу тармактарында маяна 35-49%га чейин көтөрүлгөн. Эгек акы орточо эсептегенде Бишкектеги мекемелерде жогору. Андан кийин...
Society
12:57, -ж., 4-март
Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Анда Акылбек Жапаров эми жыл сайын мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттардын 1%ы илимий изилдөөлөргө багытталарын айтты. «Бул болжолдуу түрдө жыл сайын 5 млрд сомго жакын каражат. Мамлекеттик органдар ата мекендик окумуштуулар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирген илимий-изилдөө институттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий и...
Society
12:56, -ж., 4-март
Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 100 пункт курууну пландоодо. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун алкагында борбор калаада таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, «Бишкек Парк» соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган. «Эко-аянтчалар улуттук жана эл аралык станда...
Society
12:54, -ж., 4-март
Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ипподромуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди. Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты. «Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү к...
Society
12:52, -ж., 4-март
Бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, айрым жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул чечим социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу кабыл алынган. «Бул президент тарабынан, жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин текш...
Society
12:50, -ж., 4-март
Пиязды Кыргызстандын аймагынан сыртка сатууга салынган убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Чектөө, Министрлер кабинетинин кечээ, 3-мартындагы № 111 токтому менен алынган. Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январда үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанилүү товарлардын баасынын жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү...
Society
14:34, -ж., 3-март
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун Туу күнүнө карата куттуктоосу: Урматтуу мекендештер!Ардактуу аксакалдар! Уюткулуу Ош шаарынын эли! Баарыңыздарды бүгүнкү маанилүү күн менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Ар бир мамлекеттин өзүнүн символдору болот. Ал Гимн, Герб, жана Туу. Бул символдордун баары бирдей каралат – аларды бөлүп кароого болбойт. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Гимнге, Гербке жана Тууга конку...
Society
14:32, -ж., 3-март
Сулайман-Тоодон кулаган таштын кесепетинен бир турак үй жабыркады. Окуя 24-февралда катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, таш шаардагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан үйдүн дубалыны тешип кирип кеткен. Жашоочу ӨКМге кайрылып, ташты майдалап алып чыгууга 8 куткаруучу тартылган. Тоодогу таш туруксуз аба ырайына жана жаан-чачындын кесепетинен кулаган.
Society
14:28, -ж., 3-март
Президент Садыр Жапаров айдоочулар үчүн айып пулдардын жогорулашы боюнча пикирин билдирип, «Кабар» агенттигине кезектеги маегинде билдирди. Анда өлкө башчы айдоочу жол эрежесин бузбашы керектигин белгилеген. Ошондой эле, көтөрүлгөн айып пул менен бюджетти толтуруу максаттары жок экенин айткан. «Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. Элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров үчүн эмес, өздөрү үчүн да. «Акылбек Жапаров бюджетти т...
Society
14:23, -ж., 3-март
Өзгөн райондук прокуратурасы 1998-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта «Кадастр», Архитектура жана райондук администрацияда иштеген он төрт кызматкерге кылмыш ишин козгоду. Алар жер мыйзамдарын бузган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу «Т-Медиага» прокурордун орун басары Саркарбек Эшманов билдирген. Анын маалыматы боюнча, аталган кызматкерлер «Бал-Көчөт» акционердик коомуна 164,5 гектар жерди берүүдө мыйзам бузган. «Акционердик коомго 164,5 гектар жер убактыл...
Society
14:19, -ж., 3-март
Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылынын тургундары Ош шаарына узак жол менен каттап калышкан. Ага Ош-Кара-Сөгөт жолунунун ашууларын көмүр ташыган унаалар бузуп салганы себеп болгон. Айылдын тургуну Каныбек Мамажунусовдун айтымында, Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынан көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар Кара-Сөгөт айылынын жолу көмүр ташып баштаган. «Кара-Сөгөт айылынан Ош шаарына баруучу негизги жолубуздун бийик ашуусун көмүр ташыган унаалар...
Society
14:31, -ж., 2-март
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жер титирөө күн мурун, 1-мартта саат 17:50дө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Коо айылдарында 3 баллга чейин, Аксы районунун Кум, Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылдарында, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.