Ошто студенттерге адам сатууга каршы, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча окутуулар өткөрүлүүдө.
Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатовдун айтымында, аларга адам сатуунун кесепеттери, мыйзам, укуктар боюнча маалыматтар айтылууда.
Өнөктүк Баткен, Жалал-Абад облустарында улантылат. Адам сатуунун коркунучтары, мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча чек ара кызматкерлери, авиакомпаниялар жана мейманканаларда бул көйгөй тууралуу кутуу иштери жүргүзүлөт.
Жалпы дүйнө жүзү боюнча 50 млнго жакын жаран адам сатууга кабылган. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу Кыргызстанда 290дой факт катталган.