• Башкы бет
  • Ошто студенттерге адам сатууга каршы окутуулар өткөрүлүүдө
13:03, 2022-ж., 3-декабрь

Ошто студенттерге адам сатууга каршы окутуулар өткөрүлүүдө

Ошто студенттерге адам сатууга каршы окутуулар өткөрүлүүдө

Ошто студенттерге адам сатууга каршы, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча окутуулар өткөрүлүүдө.

Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатовдун айтымында, аларга адам сатуунун кесепеттери, мыйзам, укуктар боюнча маалыматтар айтылууда. 

"Алдаган адам ар кандай ыкмаларды колдонот. Баалуу белектерди берип өзүн идеалдуу адам кылып көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан бардык нерсени кылдаттык менен текшерип, чөйрөңүздөгү адамдарды туура тандашыңыз керек. Анткени учурда деле бизде ушундай көйгөйгө кабылгандар бар болуп жатат», — дейт Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов.

Өнөктүк Баткен, Жалал-Абад облустарында улантылат. Адам сатуунун коркунучтары, мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча чек ара кызматкерлери, авиакомпаниялар жана мейманканаларда бул көйгөй тууралуу кутуу иштери жүргүзүлөт. 

Жалпы дүйнө жүзү боюнча 50 млнго жакын жаран адам сатууга кабылган. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу Кыргызстанда 290дой факт катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Адам сатууга каршы акция

Комментарийлер

live comments feed...