Украинаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгым 349 миллиард доллардан ашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасс билдиргенин Reuters маалымат агенттиги жазды, деп жазат "Марал радиосу".
Анын пикиринде, негизги чыгымдар Украинанын инфраструктурасын, электр тармагын калыбына келтирүүгө жумшалат.
Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева Reuters агенттигине эл аралык өнөктөштөр Украинага керектүү колдоону көрсөтүүнү улантарына ишеним билдирген.
Анын айтымында, Эл аралык валюта фонду Украинага 2,7 млрд доллар чукул каржылык жардам берген.