• Башкы бет
  • Украинаны калыбына келтирүүгө 350 млрд.дан ашык акча керек
13:20, 2022-ж., 2-декабрь

Украинаны калыбына келтирүүгө 350 млрд.дан ашык акча керек

Украинаны калыбына келтирүүгө 350 млрд.дан ашык акча керек

Украинаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгым 349 миллиард доллардан ашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасс билдиргенин Reuters маалымат агенттиги жазды, деп жазат "Марал радиосу".

Анын пикиринде, негизги чыгымдар Украинанын инфраструктурасын, электр тармагын калыбына келтирүүгө жумшалат.

Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева Reuters агенттигине эл аралык өнөктөштөр Украинага керектүү колдоону көрсөтүүнү улантарына ишеним билдирген.

Анын айтымында, Эл аралык валюта фонду Украинага 2,7 млрд доллар чукул каржылык жардам берген.

«Биз Украинага колдоо көрсөтүүнү күчөтүү үчүн олуттуу иштеп жатабыз. Бомбалоо уланып жаткандыктан элетр энергияга, жылуулукка, сууга жетүү кыйын болот», — деди ал.

Октябрдын орто ченинде, Орусия Украинанын батышындагы шаарларды бомбалап, электр энергиясы жана суу менен камсыздоого сокку ура баштаганга чейин, Эл аралык валюта фонду жана украин бийликтери айына 3 миллиард доллардан 4 миллиард долларга чейин эл аралык колдоо керек деп болжолдошкон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Украина

Комментарийлер

live comments feed...