Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүндө болгон окуя боюнча кылмыш ишин козголду. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси («Жайды, имаратты же курулманы өз билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу) боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Т-Медиага» билдирген.
Анын маалыматы боюнча, 30-ноябрь күнү Кара-Суу районундук милициясына «Туратали» базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүн жыйырмага жакын жаран ээлеп алганы боюнча кабар келип түшкөн. Жеринде териштирүү иштери жүрүп, базардын мурунку жетекчиси Манас Үсөнов өзүнүн тарапташтары менен базар жетекчисинин иш бөлмөсүн ээлеп алганы аныкталган.