Incidents
Чыпкалар
Чыпкалар
Incidents
15:07, -ж., 3-май
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте өзүн милиционер деп тааныштырып, жергиликтүү тургундан акча опузалаган адам кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал жашоочулардын биринен 150 миң сом талап кылып, бербесе камакка аларын айткан. Коркутууга кабылган жаран 130 миң сом берип, анан ИИМге арызданган. 2-майда Ички иликтөө кызматынын адистери шаардык прокуратура менен биргеликте шектүүнү дагы 15 миң сом алып жатканда колго түшүргөн....
Incidents
12:58, -ж., 30-апрель
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында 8-класстын окуучусу үй-бүлө курганы жалган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ой-Тал айылынын 17 жаштагы тургунун Көк-Арт айылынын 20 жаштагы жашоочусу үй-бүлө куруу максатында үйүнө алып барган. Бирок, ошол эле күнү кыздын апасы менен милиция барып, кыздын жашы жетпей турганы эскертилип, үйүнө жиберилген. «Апасынын айтымында кызы райондук ооруканада дарыланып жаткан экен. Кийин үйүнө...
Incidents
12:55, -ж., 30-апрель
Жалал-Абадда малдын ветеринардык иш-кагаздарын жасалмалап экспорттоп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 30-апрелде билдирди. Бул ишке Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин тиешеси бар деп шектелип жатат. Териштирүүдө аталган жетекчи акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жарандарга малды текшербестен документтерин жасап берген. Анын ич...
Incidents
14:08, -ж., 15-апрель
Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 15-апрелде билдирди. Маалыматка караганда милицияга шектүү аял Ошто баңгизат сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Анын негизинде териштирүү болуп 5 грамм синтетикалык баңгизаттарды сатууга аракет кылып жаткан жеринен 46 жана 39 жаштагы эки аял кармалган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат «альфа PVP» п...
Incidents
23:58, -ж., 12-апрель
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 12-апрели саат 23.15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт, деп билдирди. Маалыматка караганда, кыргыз айылдарын миномёттон аткылоону токтотуп саат 22.50дөн 23.16га чейин Баткен облусунун Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик тарап КР УКМК...
Incidents
23:14, -ж., 12-апрель
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы саат 22.15те тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон атууну токтоткондугун маалымдайт, деп билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жетки...
Incidents
22:36, -ж., 12-апрель
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 12-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен кайталанган чыр-чатак орун алгандыгын маалымдайт, деп билдирди. Маалыматка караганда, кечки саат 21.17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажи...
Incidents
13:54, -ж., 24-февраль
Ошто 13 жаштагы бала өз жанын кыйганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматына караганда, окуя 23-февралда кечки саат 8ден өткөндө болгон. Окуучу беш кабаттуу үйдөн боюн таштаган. Күбө катары суралган теӊтуштары менен жакындары өспүрүм соңку учурда суициддик маанайда жүргөнүн айтышкан. Учурда бул окуяны териштирип-иликтөө уланып жатат. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Ош шаарында былтыр үч адам...
Incidents
14:43, -ж., 3-февраль
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Жаңы-Арык айылында «Тойота Камри» үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 29 жаштагы — А.А., Т. уулу Ж. жана Ж.А. жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Кырсыктын кесепетинен унаадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө саат 00:50дө Өзгөн районду...
Incidents
12:24, -ж., 29-январь
Ош шаарында түн ичинде каракчылык жасоо үчүн үйгө бастырып кирген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-январында саат 00:05 чамасында Ош шаарынын тургунунун үйүнө белгисиз адамдар ок атуучу курал жана бычак менен бастырып киришкен. Бул факт Ош ШИИБдин электрондук маалымат журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголгон. Алгачкы...
Incidents
20:40, -ж., 27-январь
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдиргендей, 27-январы саат 20.30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт. Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун...
Incidents
14:49, -ж., 24-январь
Кечээ, 23-январда саат 13:00-14:00 чамасында Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылында кыргыз жарандары менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды, деп билдирди аймактык кабарчы. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажиктер тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы плотинага жакын жерде мал-жандыктар өтпөсүн деген максатта курулган тосмо алынып, сайдын жээги алардын жолуна айланган. Мындан улам ондон ашык айыл ту...
Incidents
09:34, -ж., 21-январь
Ош облусунун Кара-Суу районунда өспүрүм бала кандай жагдайда өзүнө тапанча менен ок атып алганы белгилүү болду. ОИИБдин маалыматы боюнча, 20-январь күнү саат 08:25те Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын 13 жаштагы жашоочусу белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөндүгү боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. «Окуя болгон жерден 1 даана 9 мм Макаров үлгүсүндөгү ок ат...
Incidents
09:26, -ж., 21-январь
Кечээ, 20-январь күнү кечинде "Алай" футбол клубунун эки футболчусу бүгүн кечинде Ош шаарында болгон жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты футболчулардын жакындары тастыктады. Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа менен "Хендай Портер" үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада 2 адам каза болгонун маалымдады. Аталган кызмат, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. Белгилүү болгондой, ...
Incidents
14:34, -ж., 20-январь
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жайыл РИИБге 19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында аймактык оорукананын тез жардам кызматынан Кара-Балта шаарынын жашоочулары — 1998-жылы туулган М.М., 1987-жылы туулган М.Г., 1995-жылы туулган Т.З., 1996-жылы туулган Б.О. дарыга уулануу менен түшкөндүгү, аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. Аталган факт Жайыл районунда катталып, териштирүү иште...
Incidents
14:32, -ж., 20-январь
Белгилүү болгондой, 19-январда ооруканага төрт кыз — бирөөнүн тамыры кесилген, дагы үчөө көп өлчөмдөгү дары ичкен абалда жеткирилген. Алар: 1995-жылы, 1996-жылы, 1997-жылы жана 1987-жылы туулган кыз-келиндер. Алар чогуу жашаган батирден табылган. Аймактык кабарчыга жеткен маалыматтар боюнча, жабырлануучулар алгач кат жазып, анда блогерлердин жашыруун видеокамералары аркылуу тартылып, интернетте тараган видеолордон улам ушундай кадамга барышканын билдиришке...
Incidents
15:26, -ж., 14-январь
Бишкек шаарында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБ билдирди. Кечээ, 13-январда Москва көчөсүндөгү «Ак-Эмир» базарынын жанында токтоп турган «BMW X6» үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1993-жылы туулган К.С.нын жансыз денеси табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Incidents
15:23, -ж., 14-январь
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан кыз ала качууга шектелген жигиттер кармалды. Окуя 10-январда саат 20:30 чамасында болгон. Түзүмдүн маалыматы боюнча, Бишкек—Ош унаа жолунун 642-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылында Ош облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы батальонунун кызматкери тарабынан «Дэу Тоска» үлгүсүнд...
Incidents
15:19, -ж., 14-январь
Кечээ, 13-январга караган түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн 21 жаштагы кыз боюн таштап каза болду. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады. Анын айтымында, маркум кыз Юридикалык институттун колледжинин 2-курсунун студенти болгон. «13-январда түнкү саат 03:15 чамасында А.Масалиев көчөсү №44 дарегиндеги "Корона" деп аталган көп кабаттуу үйүдө убактылуу жашаган Баткен облусунун Кадамжай районунун 200...
Incidents
11:21, 2021-ж., 13-сентябрь
Лейлек районундагы Исфана-Кайрагач жолунун 13-чакырымында жекшембиде Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагылышып, эки эркек киши каза болуп, жети адам жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаада кыпчылып калган кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Жабыркагандар "Тез жардам" менен Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди. Кыргызстанда акыркы сегиз айда 497...