• Башкы бет
  • Ош: "Туратали" базарынын мурдагы башчысына кылмыш иши козголду
13:12, 2022-ж., 2-декабрь

Ош: "Туратали" базарынын мурдагы башчысына кылмыш иши козголду

Ош: "Туратали" базарынын мурдагы башчысына кылмыш иши козголду

Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүндө болгон окуя боюнча кылмыш ишин козголду. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси («Жайды, имаратты же курулманы өз билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу) боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Т-Медиага» билдирген.

Анын маалыматы боюнча, 30-ноябрь күнү Кара-Суу районундук милициясына «Туратали» базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүн жыйырмага жакын жаран ээлеп алганы боюнча кабар келип түшкөн. Жеринде териштирүү иштери жүрүп, базардын мурунку жетекчиси Манас Үсөнов өзүнүн тарапташтары менен базар жетекчисинин иш бөлмөсүн ээлеп алганы аныкталган.

«Мыйзам боюнча мурунку жетекчи сот аткаруучулар менен келип, жамаатка соттун чечими тааныштырылышы керек болчу. Бирок Манас Үсөнов тарапташтарынын коштоосунда өз билемдик менен иш бөлмөнү ээлеп алган. Учурда кылмыш иши козголуп, Манас үчөнов жана анын эки тарапташы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасы 2-декабрь күнү каралат», -деди Аширбаев

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Туратали #Манас Үсөнов

Комментарийлер

live comments feed...