Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон Мессиге болушуп, мексикалык мушкер Сауль Альварестин футболчуга карата айтылган сөзүнө жооп кайтарды.
Майк Тайсон Месси үчүн рингге чыгууга даяр экенин айтты
14:38, 2022-ж., 1-декабрь
Sports «Сауль деген бирөө Мессини коркуткан. Эгер ал Мессиге тийгенге батынса, мен көп жылдан кийин кайра рингге чыгышым керек болот», — деди экс-мушкер.
28-ноябрда мушкер Альварес социалдык тармактарда аргентиналык футболчунун кийим алмаштыруучу жайда, жерде жаткан Мексика командасынын футболкасына бутун койгон видеосу үчүн сынга алган.
«Бир жерден жолукпай калсам экен деп Кудайдан тилесин», — деп билдирген мушкер.
27-ноябрда Аргентина курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун 2-турунда Мексиканы 2:0 эсебинде утуп алган.
Беттеште эсеп сандарын Месси ачса, жарым коргоочу Энцо Фернандес экинчи голду киргизген.
Тайсон 2005-жылы пенсияга чыккан. 1987-1990-жылдары оор салмакта дүйнөнүн талашсыз чемпиону болгон.