Sports
Чыпкалар
Чыпкалар
Sports
16:08, -ж., 20-март
Шахмат федерациясынын чечими Ошто биринчи жолу шахмат боюнча чемионат өтүп жатат. Анда өлкөнүн 7 дубанынан чогулган 300гө чукул окуучу өз ара күч сынашууда. Турнирди өткөрүү менен аймактарды өнүктүрүү жана шахматты эл арасында кеңири жайылтуу көздөлгөн. Мелдеш 9 айлампага чейин уланып, 27-мартта жыйынтыкталат. Оюнда 1-2-орунду жеңгендер шахмат федерациясынын курама командасына кабыл алынып, Азия чемпионатына жолдомо алат. Республикалык мелдеш Ош гуманитар...
Sports
13:03, -ж., 14-март
Ош шаарынын теннис жана стол тенниси спорт мектебинин базасында балдар, өспүрүмдөр жана кыздар, чоңдор арасында стол тенниси боюнча ачык шаардык биринчилик болуп өттү. Турнирге 9 жаштан 70 жашка чейинки курак категориясында 130дан ашык спортчу катышты. Турнирдин жеңүүчүлөрү, байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары, баалуу сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле турнирдин жеңүүчүлөрү Бишкек шаарында өтүүчү Кыргыз Ре...
Sports
13:42, -ж., 6-март
Махмудов Болгариядагы рейтингдик эл аралык мелдеште грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль утту. Бул тууралуу күрөш федерациясы билдирди. Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта күрөшүп, финалда польшалык балбанды жеңди. Ал эми, Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта күч сынашып, финалда армениялык балбанды утту. Мелдеш Болгариянын София шаарында 2-мартта башталып, бүгүн 5-мартта аяктады. Ага, Кыргызстандан төрт балбан барган.
Sports
14:43, -ж., 27-февраль
Балбан Акжол Махмудовго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү 27-февралда билдирди. Бүгүн, Акжол Махмудов жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду облус башчысы Зиядин Жамалдинов кабыл алган. Анда Махмудовго «Ош облусунун Ардактуу атуулу» наамы, машыктыруучусуна Ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырылган. Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси. Ал 11-сент...
Sports
14:34, -ж., 23-февраль
2022-жылы кыргызстандык спортчулар өлкө капчыгына жалпы 482 медаль алып келди. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Кыргызстандын спортчулары олимпиадалык спорт түрлөрүнөн 57 алтын, 68 күмүш, 113 коло, олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн 42 алтын, 51 күмүш, 66 коло, улуттук спорттун түрлөрүнөн 27 алтын, 26 күмүш, 32 коло медаль алышкан. Жыйынтыгында өлкө капчыгына жалпы 126 алтын, 145 күмүш, 211 коло түшкөн. Ошол...
Sports
11:22, -ж., 20-февраль
Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Америкада өтүп жаткан Атлантика конференциясы чемпионатында рекорд жаратты. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясы 19-февралда билдирди. Петрашов турнирде биринчи орунду ээлеген. Ошондой эле, 200 метр аралыкка 1:50:51 мүнөттө брасс ыкмасы менен сүзүп рекордду жаңылаган. Чепмионат АКШнын Атланта шаарында өтүп жатат. Кечээ, ушул эле турнирде Денис Петрашов 200 ярдды (болжолдуу 183 метр) 1:51:89 мүнөттө сүзүп өтүп, экинчи ор...
Sports
15:11, -ж., 3-февраль
Бишкекте Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) машыктыруучусу Даниэл Лимонес жаш футболчуларды машыктыра баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты. Маалыматка караганда, испаниялык машыктыруучу (Таланттарды өнүктүрүү схемасы) алкагында ишке ашырылган FIFA Talent Coaching багыты боюнча жумушун баштады. Даниэл Лимонес февралдан июль айынын аягына чейин футбол академияга тиешелүү жаштар курамдардын машыктыруучулары менен иш жүргүзүп, 13-16 жашт...
Sports
12:44, -ж., 28-январь
Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Хорватияда өтө турган мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды. Маалыматка караганда, 1-февралдан 5-февралга чейин Хорватиянын борбору Загреб шаарында биринчи рейтингдик эл аралык Zagreb Open турнири өтөт. Мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта, ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күч сынашат. Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жол...
Sports
12:31, -ж., 26-январь
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен орусиялык балбан Роман Власовдун беттеши Poddubny Wrestling League мелдешинин алкагында өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Маалыматка караганда, беттешти ушул жылдын апрель айында өткөрүү пландалып жатат. Кайсы жерде болору азырынча белгисиз. Акжол Махмудов мелдешти чыдамсыздык менен күтүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды. «Чакырыкка даярмын, элиме болгон жоопкерчилик мени алдыга сүрөөдө. Кат...
Sports
15:39, -ж., 25-январь
Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 7 коло медаль утту. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Чемпионатка 22 жашка чейинки спортчулар катышкан. Кыргызстанга байге уткандар: § Ислам Торобаев (54 кг); § Аскат Култаев (63,5 кг); § Ихтияр Нишонов (67 кг); § Нурадин Рустамбек уулу (71 кг); § Нурсултаев Болотбаев (86 кг); § Бакыт Токтосун уулу (92 кг); § Ооматбек Элчоро уулу...
Sports
13:57, -ж., 23-январь
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын спортчулары 48 КР чемпионатына, 55 эл аралык турнирге, 37 КР биринчилигине, 25 республикалык ачык чемпионатка, 22 республикалык деңгээлдеги турнирге, 7 КР кубогуна, 1 Ислам тилектештик оюндарына, 9 Дүйнө чемпионатына, 1 Көчмөндөр оюндарына, 10 Азия чемпионатына жана кубогуна катышты. Мындан сырткары спорттун түрлөрү боюнча 38 окуу-машыгуу уюштурулган. Ош шаардык спорт жана дене тарбия комитетинин маалыматына ылайык...
Sports
15:06, -ж., 3-январь
Кыргызстандык оор атлетчи Эмил Молдодосов Катардын Доха шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирде күмүш медаль утту. Катар кубогу дүйнөлүк мелдештердин бири. Ага катышууга Кыргызстандан Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков барган. Молдодосов 2-январда 89 киллограмм салмакта күч сынашып, жалпы эсепте экинчи орунга татыды. Бүгүн, 3-январда Бекдөөлөт Расулбеков күчүн сынайт.
Sports
14:02, 2022-ж., 31-декабрь
Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду саудиялык «Аль-Наср» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган клуб расмий жарыялады. «Бул жүрүп жаткан процесстеги эң маанилүү окуя. Бул келишим бир гана биздин клубга эмес, жалпы лигабызга, өлкөбүзгө жана келечек муунга, кыздар жана балдарыбызга мыкты болуусуна дем берет», — деп жазат клубдун расмий билдирүүсүндө. Криштиану Роналду 2003-2009-жылдары «Манчестер Юнайтед» клубунда, 2009-2018-жылдар аралыгында и...
Sports
13:49, 2022-ж., 31-декабрь
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарып, кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду «Жылдын мыкты балбаны» деп тандады. Бул тууралуу федерациянын сайтына жарыяланды. Шаршенбеков күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 кг салмакта күч сынашып келет. Өтүп бара жаткан жылда дүйнөнүн, Азиянын жана Ислам оюндарынын чемпиону болду. Азия чемпионатынын алтын, күмүш жана коло байгелерин уткан. 2021-жылы балбан Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн О...
Sports
13:28, 2022-ж., 20-декабрь
Аргентина бийлиги 20-декабрды өлкөнүн 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы жеңишинин урматына улуттук майрам деп жарыялады. Аргентина курама командасынын футболчулары бүгүн борбору Буэнос-Айрес шаарына келет. Андан соң шаарда чемпионаттын парады башталат. 18-декабрда Аргентина курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында Францияны пеналтилер сериясынан 4:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду. Аргентиналыктар 36 жылдан кийин үчүнчү...
Sports
13:35, 2022-ж., 19-декабрь
Кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 17-декабрда «ЗиЛ» тоо лыжа базасында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, президенттин Чүйдөгү өкүлү Нурил Алымбаев жана башка эс алуучулар катышты. Иш-чарада Туризм департаменти менен тыгыз жана ийгиликтуу кызматташкан ата-мекендик жана эл аралык уюмдарга «Өзгөн мунарасы» статует...
Sports
01:12, 2022-ж., 19-декабрь
Аргентинанын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын финалдык таймашында Франция курамасын пенальтилер сериясында утуп, жеңишке жетишти. Оюн Катар өлкөсүнүн "Лусаил" стадионунда болуп, анда түштүк америкалыктар өз тарыхындагы үчүнчү чемпиондугун белгилешти. Таймаштын биринчи бөлүгүндө 11 метрлик айып соккусунан кийин Лионель Месси гол киргизсе, экинчи голду каршы чабуулда Анхель Ди Мария киргизди. Бирок, оюндун экинчи бөлүгүндө француздарды...
Sports
13:48, 2022-ж., 16-декабрь
Польшанын футбол федерациясынын расмий сайты билдиргендей, чемпионаттагы чечүүчү беттешти польшалык калыс Шимон Марциняк калыстык кылат. Марциняка Павел Сокольницкий жана Томаш Листкевич жардамчы калыс болот. Буга чейин, Марциняк финалда беттеше турган командалардын ар биринин оюндарына калыстык кылып келген. Тайпалык баскычтын 2-турунун оюнунда Франция менен Даниянын оюнунда иштесе, 1/8 финалда Аргентина жана Австралиянын беттешинде дагы калыстык кызматы...
Sports
13:37, 2022-ж., 15-декабрь
Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Аргентина менен Франциянын командалары ойношот. Дүйнөлүк чемпионаттын чечүүчү финалдык оюну 18-декабрда 80 миң көрүүчүнү батырган «Лусаил» стадионунда өтөт. Буга чейин, командалар 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында беттешкен. Анда француздар 4:3 эсебинде Аргенинаны утуп, андан соң дүйнө чемпиону болушкан. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Ал эми, 17-декабрда эл аралык “...
Sports
15:34, 2022-ж., 14-декабрь
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча «Мурас” достук турнири башталды. Ага 16 команда катышып жатат. Оюндар «Газпром балдарга» дене тарбия — ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Таймаш 15-декабрда жыйынтыкталат. Ага депутаттар, футбол ардагерлери, журналисттер, дин өкүлдөрү, судьялардан турган 16 команда катышууда: А тайпасы: «Президенттин командасы”, «Фемида”, «Журналис...
Sports
14:03, 2022-ж., 13-декабрь
Испаниялык калыс Антонио Матеу Лаос Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна катышуудан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, калыс турнирдин калган төрт беттешине калыстыгын кыла албайт. Ал Испанияга кайтып кеткени маалым болду. Лаос 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Аргентина менен Нидерландиянын беттешин башкарып, пенальтиден Лионель Скалони командасынын 4:3 эсебинде жеңиши менен аяктаган. К...
Sports
13:05, 2022-ж., 10-декабрь
Бразилиянын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тите кызматынан кеткенин жарыялады. Ал бул тууралуу Дүйнө чемпиондугунда команда Хорватияга утулгандан кийинки пресс-конференцияда билдирди. «Бул циклдин аягы. Мен бир жарым жыл мурун айткандай эле, цикл бүттү. Мен өзүмдүн эмгегимди баалай турган абалда эмесмин. Келечекте сиздер өзүңүздөр баа бересиздер.», — деген Тите Тите 2016-жылдан тарта Бразилиянын футбол боюнча курама командасын жет...
Sports
13:17, 2022-ж., 9-декабрь
Бүгүн, 9-декабрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык оюндары башталат. Чемпионаттын ¼ баскычына чыккан командалардын оюну Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. 9-декабрга белгиленген оюндардын графиги саат 21:00 Хорватия — Бразилия, 01:00 Аргентина – Нидерланд.
Sports
12:37, 2022-ж., 7-декабрь
Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/8 баскычындагы оюндар жыйынтыкталып, чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. 9-декбарда чейрек финалдын алгачкы оюндары башталат. 1/4 баскычында беттеше турган командалар: Португалия-Марокко Голландия- Аргентина Хорватия-Бразилия Англия-Франция Чемпионат 20-ноябрда башталган 18-декабрда аяктайт. Катар биринчилиги — араб дүйнөсүндө өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк чемпионат.
Sports
14:26, 2022-ж., 5-декабрь
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыстык кылуу үчүн чакырылган судьялардын негизги акысы 70 миң долларды түзөт. Бул тууралуу Sport-Express жазып чыкты. Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын жалпысынан 36 арбитр, 69 жардамчы жана 24 видео арбитр чакырылган. Алардын иш жүгү ар түрдүү. Ар бир беттештин калыстар тобуна 10 адам кирет. Башкы калыстын жардамчыларынын ар бири 25 миң доллардан алышат. Булар ФИФА калыстардын тизмесине киргизгенден кийин, канд...
Sports
13:08, 2022-ж., 2-декабрь
14-15-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Турнир быйыл экинчи жолу өткөрүлгөнү жатат. Ага депутаттар, футбол ардагерлери, журналисттер, дин өкүлдөрү, судьялардан турган 16 команда катышат. Президенттин командасы; Маданият өкүлдөрү – “Өнөр” Белгилүү ишкерлер — “Бизнес” Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер” Футбол ардагерлери – “Алга” Спорт федерациялар...
Sports
14:47, 2022-ж., 1-декабрь
2022-жылы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына чыккан командалар белигилүү болду. 30-ноябрдагы беттештерден кийин 1/8 финалга Австралия, Аргентина жана Польшанын командалары өттү. Буга чейин Франция, Бразилия, Португалия, Голландия, Сенегал, Англия жана АКШнын командалары плей-оффко чыгышкан. 1/8 финалда Голландия Америка, Ангилия Сенегел, Аргентина Австралия, Франция Польша менен оюн өткөрөт. Башка командалардын атаанда...
Sports
14:38, 2022-ж., 1-декабрь
Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон Мессиге болушуп, мексикалык мушкер Сауль Альварестин футболчуга карата айтылган сөзүнө жооп кайтарды. «Сауль деген бирөө Мессини коркуткан. Эгер ал Мессиге тийгенге батынса, мен көп жылдан кийин кайра рингге чыгышым керек болот», — деди экс-мушкер. 28-ноябрда мушкер Альварес социалдык тармактарда аргентиналык футболчунун кийим алмаштыруучу жайда, жерде жаткан Мексика командасынын футболкасына бутун койгон в...
Sports
11:47, 2022-ж., 30-ноябрь
Кечээ, 29-ноябрда Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын В тайпасында 3-турдун оюндары орун алды. Беттеште, Англия курамасы Уэльс командасын 3:0 эсебинде утуп алса, АКШ Иран командасын 1:0 эсебинде жеңди. Ошентип, Англия 7 упай жана АКШ 5 упай менен Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпионтынын плей-офф баскычына жолдомо алышты. Буга чейин 1/8 финалга чыккан Франция, Бразилия, Португалия, Нидерланды жана Сенегал болгон Муну менен катар, 1/8 финалынын алгачкы жупта...
Sports
16:16, 2022-ж., 26-ноябрь
Сауд Арабиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын биринчи айлампасында Аргентина курамасын жеңгени үчүн, ар бир оюнчусу жогорку класстагы Rolls-Royce Phantom автоунаасы менен сыйланат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Мындай чечимди Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Ал Сауд кабыл алганы белгиленген. 1-турдан кийин Сауд Арабия курамасы тайпалык таблицада алдыда келе жатат. Бүгүн, 26-ноябрд...
Sports
11:24, 2022-ж., 23-ноябрь
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта С тайпасында Аргентина курама командасы менен Сауд Аравия командасынын беттеши 2:1 эсебинде Сауд Аравия курамасынын жеңиши менен аяктады. Беттештин алгачкы голун Аргентинанын атактуу футболчусу Лионель Месси 10- мүнөттө киргизди. 48-мүнөттө Сауд Аравиянын чабуулчусу Салех Аль-Шехри эсепти теңеди. Оюндун жеңиш голун 53-мүнөттө 31 жаштагы Сауд Аравиянын чабуулчусу Салем Аль-Досари киргизди. Алдыда, чемпионаттын С тайпасында...
Sports
17:59, 2022-ж., 21-ноябрь
2022-жылкы дүйнөлүк чемпионат учурда Катардагы «Аль- Байт» стадионунда старт алды. Мелдеш 20-ноябрдан 18-декабрга чейин уланат. Турнир башка чемпионаттардан биринчи жолу жакынкы Чыгышта, күз-кыш мезгилинде өткөрүлүп жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле биринчи жолу мусулмандардын басымдуу бөлүгү жайгашкан араб өлкөсүндө уюштурулду. Катар 88 жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка катышат. Анткени, өлкө уюштуруучу тарап катары автоматтык түрдө т...
Sports
16:13, 2022-ж., 18-ноябрь
17-ноябрда Ош шаарында workout аянтчасынын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, “Шоро-Ош” компаниясынын директору Айбек Абдыбачаев, спортчулар жана жаштар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келген воркаут спортчулары оюн-зоокторду көрсөтүштү. Аянтчанын жалпы аянты 250 чарчы метр. Участоктун аймагында турник жана брустардан тышкары эко отургучтар, велосипед токтотуучу жай бар. Ошондой эле көчө гимнаст...
Sports
16:11, 2022-ж., 18-ноябрь
17-ноябрда Ош шаарында курулушу аяктаган жабык теннис корту пайдаланууга берилди. Анын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бул теннис кортунун ачылышы менен калаадагы жаш теннисчилерге жыл бою машыгууга шарт жаралып, Ош шаарында теннистин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле облустук жана эл аралык деңгээлдеги турнирлерди уюштурууга болоорун кошумчалады. Мында балдарга жыл бою теннис жана стол тенниси үйрөтүлөт. Бул иш спорттук инфра...
Sports
16:05, 2022-ж., 18-ноябрь
Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. Объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти. Шахмат залынын курулушуна көмөк...
Sports
15:20, 2022-ж., 16-ноябрь
15-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 27-турунун акыркы оюну болуп, анда “Алай” футболдук клубу “Каганат” командасын кабыл алды. Беттеште командалар эсеп ача алышпаса да, “Алай” ФК буга чейинки беттеште борбор калаанын “Алга” командасын жеңип, турнирдик таблицада 2-орунду камсыздады. Сыйлык тапшыруу аземине “Алай” футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Кыргыз...
Sports
12:14, 2022-ж., 11-ноябрь
Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Ош шаарында “Алай” футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Беттеш алдында балдар үчүн түрдүү оюндар уюштурулат. Иш чаранын негизги максаты – майрамдык маанай жаратуу менен бирге балдар үчүн оюндун маанилүүлүгүн коомчулуктун эсине салуу. Оюн алардын менталдык саламаттыгын бекемдеп, ар тараптан өнүгүүсүнө түрткү берет.
Sports
12:09, 2022-ж., 11-ноябрь
10-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда Оштун “Алай” клубу менен Бишкектин “Алга” клубунун беттеши өттү. Жолугушуунун акыркы эсеби 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Бул жолугушууда жалгыз голду "Алай" футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди. Беттеш аяктагандан кийин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов чыгып, жалпы жыйынтыкка ар бир оюнчунун, машыктыруучулардын салымын белгилеп, куттуктады. “Алай”...
Sports
15:48, 2022-ж., 7-ноябрь
Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында футбол жана шахмат боюнча шаардык биринчилик өттү. Иш-чаралар 3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата уюштурулууда. Бул турнирге Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарынан 9 команда катышты. Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары, баалуу белектери менен сыйланышты.
Sports
15:46, 2022-ж., 7-ноябрь
Ош шаарында кикбокс боюнча Kyrgyzstan Open II Эл аралык ачык турнири өтүүдө. Мелдешке Пакистан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген командалар катышууда. Спортчулар 38 салмак категориясы боюнча күч сынашат. Ошондой эле чемпиондук кур үчүн профессионалдык беттештерди өткөрүү пландалууда. Жеңүүчүлөр турнирдин уюштуруучулары – Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сы...
Sports
14:27, 2022-ж., 31-октябрь
29-октябрда кыргыз спортунун легендасы, коомдук ишмер, 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнун 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана 12-Олимпиада оюндарынын теле алып баруучусу, журналист Кабыл Макешов Ош шаарына келди. Алар шаардык бокс жана оор атлетика мектебинин жаш спортчулары менен жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы спорттун олимпиадалык түрлөрүнүн программасынын маселеле...
Sports
15:46, 2022-ж., 18-октябрь
Мадриддин "Реал" жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема 2021-2022 сезонунун жыйынтыгында "Алтын топту" жеңип алды. Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 18-октябрга караган түнү Парижде өттү. Жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин атындагы сыйлыкты Бенземанын командалашы, "Реалдын" дарбазачысы Тибо Куртуа алды. Ошондой эле "Барселонанын" жарым коргоочусу Гави жылдын мыкты жаш оюнчусу аталды. Мурда "Баварияда" ой...
Sports
15:32, 2022-ж., 12-октябрь
11-октябрда футбол боюнча республикалык чемпионатта биринчи орунга ээ болгон “Алай” ФКнын U-14 (2008-жылы туулган) жана 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган U-15 (2007-жылы туулган балдар) курама командаларын жеңиши менен куттукташты. Аларды Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жеңиши менен куттуктап, бул жыйынтыкка жетүүдөгү машыктыруучулардын эмгегин, балдардын аракетин, ата-энелердин кошкон салымын белгилешти. Иш...
Sports
15:13, 2022-ж., 6-октябрь
5-октябрда Ош шаарында СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды. Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Иран жана Кыргызстандан 150дөн ашык спортчу катышууда. Мелдештин ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов, машыктыруучулар жана спортчула...
Sports
15:10, 2022-ж., 6-октябрь
5-октябрда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алыш күрөшү боюнча алтын медалынын ээси Эльзада Момунжанованы салтанаттуу тосуп алышты. Ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана чемпиондун жакындары катышты. Чогулгандар чемпионду 1-орунга ээ болушу менен куттукташты. Эльзада Момунжанова 55 кг салмакта чыгып, жеңишке жетүү жолунда Монголиянын, Түркмөнстанды...
Sports
14:56, 2022-ж., 6-октябрь
Украина футбол боюнча 2030-жылкы Дүйнө чемпионатын өткөрүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Ага чейин Европанын атынан Испания менен Португалия талапкер болгон. Украинанын Футбол ассоциациясынын төрагасы Андрей Павелко: "Чемпионатты кабыл алуу - үрөй учурган согуштан аман калган же дагы деле оккупацияда кала берген элдин кыялы. Ал жерлерде жакында кайрадан украин желеги желбирейт", - деп айтты. Павелко мындай билдирүүнү 5-октябрда Европа футбол асс...
Sports
16:17, 2022-ж., 24-сентябрь
Бишкек милициясы 24-сентябрда өтө турган Кыргызстандын жана Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттешине карата эскертүү жарыялады. Анда оюндун катышуучулары, күйөрмандар жана фанаттар коомдук тартипти сакташы керектиги, эгер улут аралык кастыкты козутуу жана башка кандайдыр бир чагымчыл аракет көрүү фактылары же ээнбаштык аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазага тартылары белгиленди. Коопсуздукка коркунуч жаратк...
Sports
14:35, 2022-ж., 14-сентябрь
Андижан облусуна пландалган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети менен Өзбекстандын Андижан облусунун спортту өнүктүрүү башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров менен Андижан облусунун спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Азизбек Юсупов эки тараптуу боордош мамилелерди спорт жагынан өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти....
Sports
15:12, 2022-ж., 29-август
Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кубок үчүн футбол боюнча мелдеш өттү. Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду “Алай” ФК жетекчилигинин командасы, 2-орунду Ош шаарынын мэриясынын командасы, 3-орунду “Каганат” футболдук клубунун жетекчилигинин командасы ээледи. Сыйлыктарды тапшыруу аземинин алкагында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев бул турнир футболду жана сергек жашоону жайылтууга көмөктөшө турганын белгилеп, т...
Sports
14:28, 2022-ж., 29-август
Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына улак тартуу мелдешине эки команда барарын билдирди. Ага ылайык, кыргызстандык улакчылар көкбөрү менен көкпардан (жер улак) өз-өзүнчө таймашат. Учурда спортчулар Чолпон-Ата шаарында машыгып жатат. Маалыматка ылайык, көкбөрүчүлөр кочкул кызыл, ал эми көкпарчылар көк форма кийишет. Көкпар улак тартуу оюнунун тайказаны жок түрү жана негизинен Казакстанда ойнолуп келген....
Sports
15:00, 2022-ж., 26-август
Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын күнүнө карата иш-чаралардын алкагында жеңил атлетика боюнча марафон өткөрүлдү. Иш-чарага 40тан ашуун шаардын жаштары, спортчулар катышып, 3 чакырымга чуркашты. Марафондун катышуучуларына Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
Sports
13:56, 2022-ж., 22-август
Кыргызстанда өтүп жаткан «Жибек жолу» веложарышында франциялык спортчу биринчилерден болуп маарага жетти. Бул тууралуу жарыштын уюштуруучулары Silk Road Mountain Race расмий баракчасында маалымдалды. Веложарыш быйыл биринчи жолу өлкөнүн түштүк аймагынан башталган. Ага Ош шаарынан 163 спортчу 12-августтан 13-августка оогон түнү саат 00:00дө жөнөп кеткен. Алар Жиптик ашуусу, Арстанбап, Казарман, Нарын, Тамга, Ысык-Көлдүн түштүк жээги, Соң-Көл көлү, Тосор аш...
Sports
13:47, 2022-ж., 19-август
Түркиянын Конья шаарында V Ислам шериктештиги оюндары жыйынтыкталып, Кыргызстан медалдардын саны боюнча 9-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Ислам оюндарынын жабылуу аземи кечээ, 18-августта өткөн. Анда Кыргызстандын желегин мелдеште кикбокс боюнча күмүш медалды уткан Адилет Улан уулу көтөрүп чыкты. Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышкан. Кыргызстан спорттун 16 түрүнд...
Sports
16:04, 2022-ж., 16-август
Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында кыргыз спортчусу Ынтымак Мурадил уулу салттуу жаа атуу боюнча баш байгени утту. Мурдараак Роман Петров фехтованияда алтын медалга ээ болгон. Ынтымак Мурадил уулу 70 метр аралыктан жаа атууда 1-орунду ээлеп, кыргыз курамасына 8-алтынды утуп берди. Ал эми, Петров фехтования боюнча жалпы 8 беттеш өткөргөн. Алгач тайпалык этапта 4 жеңиш менен чыгып, олимпикада 4 утушка ээ болду. Финалдык беттеште Азербайжандык спортчу мен...
Sports
15:11, 2022-ж., 15-август
Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бирге Кыргызстанга кайтып келди. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги салтанаттуу түрдө тосуп алып, куттуктады. Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттеште бул үч спортчу тең бет келген атаңдаштарын ат чабым алыс калтырып, биринчиликти багындырышты. V Ислам шериктештиги оюндары...
Sports
13:58, 2022-ж., 13-август
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, Медет кызы 76 килограмм салмактагылар арасында кармашты. Финалда ал Кот-д Ивуардын келген атаандашы Айюин Эмини 10:0 эсебинде утту. Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылды. Учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде үч алтын, төрт күмүш ж...
Sports
14:40, 2022-ж., 11-август
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков күмүш медал алды. Бул кыргызстандыктардын алгачкы байгеси. Дене тарбия жана спорт департаментигинин билдиришинче, ал 10-августта эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Азербайжан, Сенегал жана Тажикстандан келген балбандарды утту. Финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллаев менен күч сынашып, жарым финалда алган жараатынан улам күрөштү уланта алган жок. Сманбе...
Sports
15:20, 2022-ж., 3-август
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Алай” ФКнын машыгуу жана кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышты. Калаа башчы стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде трибуналардын астындагы жайларды оңдоо иштерин көрдү. Анда кийим алмаштыруучу жайларды жана келечекте академияда жаш футболчуларды даярдоо үчүн класстарды ачуу пландалууда. Ошондой эле душ бөлмөлөрүн оңдоо иштери аяктап, биринчи жолу чыгыш жана түндүк тар...
Sports
15:11, 2022-ж., 3-август
Бүгүн, 3-августта Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эркин күрөш боюнча дүйнөнүн күмүш медалынын ээси (U-17) Билол Шарип уулу менен кикбоксинг боюнча К-1 чемпиондук курунун ээси Аброр Хакимовдун салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү. Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, кесиптештери, машыктыруучулары, спортчулар жана чемпиондордун жакындары катышты. Аброр Хакимовду Патрулдук милициядагы кесиптештери, ата-энелери, ж...
Sports
17:30, 2022-ж., 12-июль
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппарат кызматкерлеринин жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында футбол жана волейбол боюнча “Достук кубогу” мелдеши башталды. Иш-чаралар президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик жактан өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Бул турнир КР Президентинин Ош облус...
Sports
15:24, 2022-ж., 28-июнь
28-июнда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана чемпиондун жакындары катышты. Жантөрө Мирзалиевди алтын медаль менен ата-энеси, жакындары, спортчулары жана машыктыруучулары куттукташты. Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жа...
Sports
12:18, 2022-ж., 25-июнь
Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси Билол Шарип уулун жана анын машыктыруучусун шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алды. Белгилей кетсек, Ош шаарынын эркин күрөшчүсү Билол Шарип уулу 17 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия чемпионатында 60 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль тагынган. Финалга чыгуу жолунда Япония, Казакстандын спортчуларын жеңип, финалд...
Sports
12:16, 2022-ж., 25-июнь
“Алай” футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкентке болгон расмий иш сапарынын алкагында футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык мелдешинде жеңишке жетишкен “Бунёдкор” футболдук клубунун стадионуна барды. Анда 33 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун музейи жана инфраструктурасы менен таанышуу болду. Ошондой эле стадиондун жетекчиси жана команданын өкүлдөрү менен “Алай” жана “Бунёдкор” футболдук клубдарынын өз ара арак...
Sports
14:52, 2022-ж., 20-июнь
9-июнда Бишкекте күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты башталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмундагы маалыматка таянсак, мелдештин алгачкы күнү 17 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандык балбандар бул күнү эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге алды. Алтын медалды Жантөрө Мирзалиев (60 кг), Нурболот Сыргабай уулу (92 кг) жеңди. Ал эми күмүш медалга Кубаныч Аринов (51 кг),...
Sports
14:33, 2022-ж., 6-июнь
5-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда “Алай” (Ош) жана “Бунёдкор” (Ташкент) командаларынын ортосунда футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык турниринин финалдык беттеши өттү. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде “Бунёдкор” футболдук клубунун пайдасына чечилди. Андан соң турнирге катышкан командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, анда турнирдин жеңүүчүсү – “Бунёдкор” (Ташкент) командасына кубок жана 100 000 сомдук сертификат тапшырылды. Сыйлык тапшыруу азе...
Sports
14:05, 2022-ж., 3-июнь
Кечээ, 2-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык турнири башталды. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышуучу командаларга ийгилик каалап, боордош элдерди жакындаштырып, тажрыйба алмашууда спорттун маанисин арттыруу үчүн эл аралык турнирлерди өткөрүүнүн маанисин белгиледи. Турнирге Кыргызстандын футболдук клубдары — Оштун “Алай”, Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи”, Өзбекстандын футболдук клубдары — Ташкенттин “Бунёдкор...
Sports
13:23, 2022-ж., 27-апрель
Хоккей боюнча Эл аралык федерация (IIHF) Орусияны 2023-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратты. Мындай чечим федерациянын кеңеши тарабынан 26-апрелде Цюрихте өткөн жыйында кабыл алынды. Анын себеби коопсуздукка байланыштуу деп түшүндүрүлдү. Кеңеш буга чейин юниорлор арасында дүйнө биринчилигин Омск жана Новосибирск шаарларынан башка жерге которууну чечкен. Өткөн айда федерация Украинадагы согушка жооп катары Орусияны жана Беларусту быйылкы дүйнө ч...
Sports
14:36, 2022-ж., 20-апрель
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Ал 77 килограмм салмакта казакстандык Максат Ережепов менен күрөшүп, атаандашын 3:1 эсебинде жеңди. Ушуну менен Кыргызстандын эсебине экинчи алтын байге жазылды. Махмудов чейрек финалда ирандык Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1, жарым финалда түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип алган болчу. 34 жаш...
Sports
10:44, 2022-ж., 6-апрель
Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Белград шаарында (Сербия) өткөн бокс боюнча Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Чемпионду мэриянын дене тарбия жана спорт комитети Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алды. Эске салсак, 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында (Сербия) бокс боюнча Эл аралык турнир өткөн. Спорттук иш-чарага 17 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын мушкерлери катышты. Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгып, Армениядан келген Европа ч...