• Башкы бет
  • Майк Тайсон Месси үчүн рингге чыгууга даяр экенин айтты
14:38, 2022-ж., 1-декабрь

Майк Тайсон Месси үчүн рингге чыгууга даяр экенин айтты

Майк Тайсон Месси үчүн рингге чыгууга даяр экенин айтты

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон Мессиге болушуп, мексикалык мушкер Сауль Альварестин футболчуга карата айтылган сөзүнө жооп кайтарды.

«Сауль деген бирөө Мессини коркуткан. Эгер ал Мессиге тийгенге батынса, мен көп жылдан кийин кайра рингге чыгышым керек болот», — деди экс-мушкер.

28-ноябрда мушкер Альварес социалдык тармактарда аргентиналык футболчунун кийим алмаштыруучу жайда, жерде жаткан Мексика командасынын футболкасына бутун койгон видеосу үчүн сынга алган.

«Бир жерден жолукпай калсам экен деп Кудайдан тилесин», — деп билдирген мушкер.

27-ноябрда Аргентина курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун 2-турунда Мексиканы 2:0 эсебинде утуп алган.

Беттеште эсеп сандарын Месси ачса, жарым коргоочу Энцо Фернандес экинчи голду киргизген.

Тайсон 2005-жылы пенсияга чыккан. 1987-1990-жылдары оор салмакта дүйнөнүн талашсыз чемпиону болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Майк Тайсон #Лионель Месси

Комментарийлер

live comments feed...