Аргентинаны утканы үчүн Сауд Арабиянын ар бир оюнчусу Rolls-Royce Phantom унаасын алышат

Сауд Арабиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын биринчи айлампасында Аргентина курамасын жеңгени үчүн, ар бир оюнчусу жогорку класстагы Rolls-Royce Phantom автоунаасы менен сыйланат.

Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Мындай чечимди Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Ал Сауд кабыл алганы белгиленген.

1-турдан кийин Сауд Арабия курамасы тайпалык таблицада алдыда келе жатат.

Бүгүн, 26-ноябрда Сауд арабия Польша курамасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, 22-ноябрда Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Сауд Арабия 2:1 эсебинде Аргентинаны утуп алган.

14:29, -ж., 27-февраль