• Башкы бет
  • Аргентинаны утканы үчүн Сауд Арабиянын ар бир оюнчусу Rolls-Royce Phantom унаасын алышат
16:16, 2022-ж., 26-ноябрь

Аргентинаны утканы үчүн Сауд Арабиянын ар бир оюнчусу Rolls-Royce Phantom унаасын алышат

Аргентинаны утканы үчүн Сауд Арабиянын ар бир оюнчусу Rolls-Royce Phantom унаасын алышат

Сауд Арабиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын биринчи айлампасында Аргентина курамасын жеңгени үчүн, ар бир оюнчусу жогорку класстагы Rolls-Royce Phantom автоунаасы менен сыйланат.

Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Мындай чечимди Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Ал Сауд кабыл алганы белгиленген.

1-турдан кийин Сауд Арабия курамасы тайпалык таблицада алдыда келе жатат.

Бүгүн, 26-ноябрда Сауд арабия Польша курамасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, 22-ноябрда Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Сауд Арабия 2:1 эсебинде Аргентинаны утуп алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Катар-2022 #Сауд Арабия # Аргентина #Футбол

Комментарийлер

live comments feed...