Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта электигинен улам, мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда түндө журналисттерге билдирди.
Баткенде мектеп, бала бакчалар азырынча иштебейт
14:10, 2022-ж., 20-сентябрь
Society "Баткен облусу боюнча 28 жерде банк иштесе, анын үчөө гана иштебей турат. Калган баарына иштесин деп талап коюлган. Баткендин мэрине да тапшырма берилген, кафе-ашкана, дүкөндөр баары эртеңден тартып ишке кирсин деп тапшырма берилген. Мамлекеттик кызматкерлердин баары ишине кайтты", - деди Алимбаев.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан Баткен облусунда болжолдуу 282 турак жай, мектеп, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелер жабыркаган.