• Башкы бет
  • Баткенде мектеп, бала бакчалар азырынча иштебейт
14:10, 2022-ж., 20-сентябрь

Баткенде мектеп, бала бакчалар азырынча иштебейт

Баткенде мектеп, бала бакчалар азырынча иштебейт

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта электигинен улам, мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда түндө журналисттерге билдирди.

"Баткен облусу боюнча 28 жерде банк иштесе, анын үчөө гана иштебей турат. Калган баарына иштесин деп талап коюлган. Баткендин мэрине да тапшырма берилген, кафе-ашкана, дүкөндөр баары эртеңден тартып ишке кирсин деп тапшырма берилген. Мамлекеттик кызматкерлердин баары ишине кайтты", - деди Алимбаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан Баткен облусунда болжолдуу 282 турак жай, мектеп, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелер жабыркаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...