Москвада суу коллекторунда каза болгон үч жумушчунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул трагедиянын жыйынтыгында эки кыргыз, бир тажик жараны көз жумган.
«Коммерциялык уюмдардын жооптуу кызматкерлеринин иш-аракеттеринде кылмыш белгилери болгондуктан, прокуратура материалдарды тергөө органына жиберди», — деди Москва прокуратурасынын расмий өкүлү Людмила Нефедова.
Маалыматка ылайык, эмгекти коргоо талаптарын жана коопсуздук эрежелерин бузуу айыбы менен кылмыш иши козголду. Орусиянын Кылмыш кодексинде бул айыптоолор боюнча 5 жылга чейин кара жумушка кесүү, айрым кызматтарда иштөөгө жана айрым иштер менен алектенүүгө тыюу салуу же 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен.Каза болгондор 20 жана 22 жаштагы кыргызстандыктар болгон.