• Башкы бет
  • Орусияда суу коллекторунда каза болгон жумушчулардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
14:23, 2022-ж., 9-август

Орусияда суу коллекторунда каза болгон жумушчулардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Орусияда суу коллекторунда каза болгон жумушчулардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Москвада суу коллекторунда каза болгон үч жумушчунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул трагедиянын жыйынтыгында эки кыргыз, бир тажик жараны көз жумган.

«Коммерциялык уюмдардын жооптуу кызматкерлеринин иш-аракеттеринде кылмыш белгилери болгондуктан, прокуратура материалдарды тергөө органына жиберди», — деди Москва прокуратурасынын расмий өкүлү Людмила Нефедова.

Маалыматка ылайык, эмгекти коргоо талаптарын жана коопсуздук эрежелерин бузуу айыбы менен кылмыш иши козголду. Орусиянын Кылмыш кодексинде бул айыптоолор боюнча 5 жылга чейин кара жумушка кесүү, айрым кызматтарда иштөөгө жана айрым иштер менен алектенүүгө тыюу салуу же 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

 7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен.Каза болгондор 20 жана 22 жаштагы кыргызстандыктар болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...