Ушул жылдын 26-майында Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында «Коопсуздук-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары жана «Түштүк-2022» комплекстүү мобилизациялык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык-аналитикалык башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, машыгуунун активдүү фазасынын жүрүшүндө республиканын аймагына кирип келген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүлүп, регионго киргизилген аскердик абалдын шарттарында практикалык резервдик роталарды түзүү менен кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттер иштелип чыкты, жана ошондой эле Ош, Ноокат жана Ала-Бука шаарларынын резервдик роталары менен күжүрмөн ок атуулар өткөрүлдү.