• Башкы бет
  • Оштогу ири аскердик машыгуу жыйынтыкталды
15:37, 2022-ж., 26-май

Оштогу ири аскердик машыгуу жыйынтыкталды

Оштогу ири аскердик машыгуу жыйынтыкталды

Ушул жылдын 26-майында Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында «Коопсуздук-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары жана «Түштүк-2022» комплекстүү мобилизациялык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык-аналитикалык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, машыгуунун активдүү фазасынын жүрүшүндө республиканын аймагына кирип келген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүлүп, регионго киргизилген аскердик абалдын шарттарында практикалык резервдик роталарды түзүү менен кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттер иштелип чыкты, жана ошондой эле Ош, Ноокат жана Ала-Бука шаарларынын резервдик роталары менен күжүрмөн ок атуулар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, машыгуулардын сценарийи боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү менен 2-деңгээлдеги аскердик-талаа госпиталы жайгаштырылып, стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен блокпосттор коюлду.

“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүкчөлөрү калкты эвакуациялоо,фильтрация пункттарын жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарын жайылтуу боюнча иш-аракеттерди көрсөтүштү”,-деп айтылат маалыматта.

Машыгуу жыйынтыктарды чыгаруу менен аяктап, эң активдүү катышуучулар ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...