Кыргызстандын аялдар арасындагы 18 жаштагы курамсы эл аралык мелдеште 3-орунду алды

Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыздар курама командасы Ташкентте өткөн CAFA U-18 Women’s Championship турниринде үчүнчү орунду алды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Ирандын курама командасы 9 упай менен биринчи орунга чыкты. Өзбекстан менен Кыргызстандын командаларынын упайлары 4-4 болуп, Өзбекстан курамасы голдордун айырмачылыгы боюнча экинчи орунга жазылды. Тажикстандын футболчулары төртүнчү болушту.

Турнирдин Fair play сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды.

14:29, -ж., 27-февраль