• Башкы бет
  • Кыргызстандын аялдар арасындагы 18 жаштагы курамсы эл аралык мелдеште 3-орунду алды
13:46, 2022-ж., 16-март

Кыргызстандын аялдар арасындагы 18 жаштагы курамсы эл аралык мелдеште 3-орунду алды

Кыргызстандын аялдар арасындагы 18 жаштагы курамсы эл аралык мелдеште 3-орунду алды

Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыздар курама командасы Ташкентте өткөн CAFA U-18 Women’s Championship турниринде үчүнчү орунду алды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Ирандын курама командасы 9 упай менен биринчи орунга чыкты. Өзбекстан менен Кыргызстандын командаларынын упайлары 4-4 болуп, Өзбекстан курамасы голдордун айырмачылыгы боюнча экинчи орунга жазылды. Тажикстандын футболчулары төртүнчү болушту.

Турнирдин Fair play сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...