COVID-19 илдетинен дагы эки бейтап каза болду. Ошол эле учурда оору дагы 23 кишиден аныкталды. Айыккандар 63.
Республикалык штабдан билдиришкендей, жаңы учурлардын 11и Бишкектен, жетөө Чүйдөң, төртөө Ыссык-Көлдөн, бирөө Баткенден.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 599га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 195 531. Курмандыктар 2962.
Ушул тапта ооруканаларда 163, үй шартында 366 адам дарыланып жатат.