Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.
COVID-19 илдетинен дагы эки бейтап каза болду. Ошол эле учурда оору дагы 23 кишиден аныкталды. Айыккандар 63.
Республикалык штабдан билдиришкендей, жаңы учурлардын 11и Бишкектен, жетөө Чүйдөң, төртөө Ыссык-Көлдөн, бирөө Баткенден.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 599га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 195 531. Курмандыктар 2962.
Ушул тапта ооруканаларда 163, үй шартында 366 адам дарыланып жатат.
Комментарийлер