Кара-Балта шаарында өз жанын кыюуга аракет кылган төрт кыздын өздүгү аныкталды

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жайыл РИИБге 19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында аймактык оорукананын тез жардам кызматынан Кара-Балта шаарынын жашоочулары — 1998-жылы туулган М.М., 1987-жылы туулган М.Г., 1995-жылы туулган Т.З., 1996-жылы туулган Б.О. дарыга уулануу менен түшкөндүгү, аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган.

Аталган факт Жайыл районунда катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

14:29, -ж., 27-февраль