14:08
-ж., 29-февраль
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жайыл РИИБге 19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында аймактык оорукананын тез жардам кызматынан Кара-Балта шаарынын жашоочулары — 1998-жылы туулган М.М., 1987-жылы туулган М.Г., 1995-жылы туулган Т.З., 1996-жылы туулган Б.О. дарыга уулануу менен түшкөндүгү, аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган.
Аталган факт Жайыл районунда катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Комментарийлер