Нурсултан Назарбаев Казакстандагы башаламандыктар боюнча билдирүү жасады

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын элитасында эч кандай конфликт же тирешүү жок экенин, бул темадагы ушак-айыңдар таптакыр негизсиз экенин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн видеокайрылуусунда билдирди.

Элбашынын айтымында, Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев толук бийликке ээ.

«Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент «Нур Отан» партиясынын төрагалыгына шайланат», деди Назарбаев.

Мурунку президент ошондой эле январь айындагы башаламандыкта каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

14:29, -ж., 27-февраль