11:17, 2022-ж., 19-январь
Нурсултан Назарбаев Казакстандагы башаламандыктар боюнча билдирүү жасады

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын элитасында эч кандай конфликт же тирешүү жок экенин, бул темадагы ушак-айыңдар таптакыр негизсиз экенин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн видеокайрылуусунда билдирди.
Элбашынын айтымында, Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев толук бийликке ээ.
«Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент «Нур Отан» партиясынын төрагалыгына шайланат», деди Назарбаев.
Мурунку президент ошондой эле январь айындагы башаламандыкта каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер