Бишкек шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тактап айтканда, кечээ, 9-январда болжол менен 30 жаштагы эркек киши «Азия Молл» соода борборунун жанында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
Ал жерге ыкчам түрдө 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзгөн соң боюн таштоого аракеттенген жарандын өмүрүн сактап калышты.
Ошондой эле өз өмүрүнө кол салган жаран эмне себептен мындай кадамга барганын териштирүү үчүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.