• Башкы бет
  • Бишкекте 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган адам куткарылды
09:48, 2022-ж., 10-январь

Бишкекте 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган адам куткарылды

Бишкекте 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган адам куткарылды

Бишкек шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Тактап айтканда, кечээ, 9-январда болжол менен 30 жаштагы эркек киши «Азия Молл» соода борборунун жанында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Ал жерге ыкчам түрдө 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзгөн соң боюн таштоого аракеттенген жарандын өмүрүн сактап калышты.

Ошондой эле өз өмүрүнө кол салган жаран эмне себептен мындай кадамга барганын териштирүү үчүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...