«Манас» аэропортуна конгон «Bombardier» учагынын кимге таандык экени белгисиз, деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.
«Учак коммерциялык рейс жасаган жана ал жерде кандай жүргүнчүлөр болгонун билбейбиз, анткени бул биздин компетенциябызга кирбейт», - деп билдирди аэропорттон.
«Flightradar24.com» сайтынын маалыматына караганда, 6-январда саат 22:10до жеке менчик «Bombardier 5000 Global» учагы Абу-Дабиден (БАЭ) Бишкек шаарындагы эл аралык аэропортко конгон.
«Манас» аэропортунун басма сөз кызматкери 6-январда дагы бир Bombardier үлгүсүндөгү учак Македониядан учуп келип, техникалык конуу (техстоп) жасаганын билдирди. Техникалык конуу – учакка жүргүнчү, жүк салуусу жана түшүрүүсү жок 24 саатка уруксат берүү.