• Башкы бет
  • "Манас" аэропортуна конгон учак кимге таандык экени белгисиз
09:53, 2022-ж., 7-январь

"Манас" аэропортуна конгон учак кимге таандык экени белгисиз

"Манас" аэропортуна конгон учак кимге таандык экени белгисиз

«Манас» аэропортуна конгон «Bombardier» учагынын кимге таандык экени белгисиз, деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.

«Учак коммерциялык рейс жасаган жана ал жерде кандай жүргүнчүлөр болгонун билбейбиз, анткени бул биздин компетенциябызга кирбейт», - деп билдирди аэропорттон.

«Flightradar24.com» сайтынын маалыматына караганда, 6-январда саат 22:10до жеке менчик «Bombardier 5000 Global» учагы Абу-Дабиден (БАЭ) Бишкек шаарындагы эл аралык аэропортко конгон.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматкери 6-январда дагы бир Bombardier үлгүсүндөгү учак Македониядан учуп келип, техникалык конуу (техстоп) жасаганын билдирди. Техникалык конуу – учакка жүргүнчү, жүк салуусу жана түшүрүүсү жок 24 саатка уруксат берүү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...