Бекболот Мырзаназар уулу дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды

Кыргызстандык Бекболот Мырзаназар уулу күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль жеңди.

Дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Бекболот 57 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты.

Ал жарым финалда белорусиялык Дмитрий Шамеланды 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште азербайжандык балбан менен күрөшүп, беттеш 6:6 эсебинде жыйынтыкталды. Бирок жеңиш азербайжандык спортчуга берилди.

14:29, -ж., 27-февраль