• Башкы бет
  • Бекболот Мырзаназар уулу дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды
10:55, 2021-ж., 7-ноябрь

Бекболот Мырзаназар уулу дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды

Бекболот Мырзаназар уулу дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды

Кыргызстандык Бекболот Мырзаназар уулу күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль жеңди.

Дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Бекболот 57 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты.

Ал жарым финалда белорусиялык Дмитрий Шамеланды 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште азербайжандык балбан менен күрөшүп, беттеш 6:6 эсебинде жыйынтыкталды. Бирок жеңиш азербайжандык спортчуга берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...