Бишкек шаарында баңгизат сактоого шектелген адам кармалды. Бул тууралууМилициянын кайгуул кызматы билдирди.
31-октябрда эртең мененки 6:30 чамасында Тоголок Молдо менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кайгуулчулар жол кыймылынын эрежесинин бузган «Хундай Соната» унаасын токтотушкан. Унааны 1998-жылы туулган А.А. башкарып жүргөн.
Унааны текшерүү учурунда кайгуулчулар ок атуучу курал жана ширеңкенин кутусуна салынган 6 грамм баңгизат табышкан.
Айдоочу милицияга жеткирилип, аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.