usd:
89,47 с
Сатып алуу
0,00 с
Сатуу
0,00 с
usd:
89,47 с
eur:
96,74 с
Сатып алуу
0,00 с
Сатуу
0,00 с
eur:
96,74 с
rub:
0,97 с
Сатып алуу
0,00 с
Сатуу
0,00 с
rub:
0,97 с
Бүгүн
+12,4 ... +12,6 °С
Булуттуу
Эртең
+4,8 °С
Жамгыр
Crime
Чыпкалар
Чыпкалар
Crime
14:24, 2023-ж., 30-декабрь
“Каганат Resort” эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү, “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен тергөө абагынан чыкты. Ал мамлекеттин бюджетине 356 млн сом төгүп, кыймылсыз мүлкүн да өткөрүп берди. Азрет Боотаев менен катар “Бурана Гранд” курулуш компаниясынын директору Урмат Ишенбековда тергөө абагынан чыкты. Мындай токтомду Бишкектин Октябрь райондук соту 29-декабрда кабыл алган. Экөөнүн тең бөгөт чарасын өзгөртүү өтүн...
Crime
14:33, 2023-ж., 3-ноябрь
Социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун сүйлөшкөнү тууралуу үн жазма тарады. Үн жазмадан түшүнгөнүбүзгө караганда, Кадыр Досонов Шайлообек Атазовго уюшкан кылмыштуу топтор боюнча маселе көтөрбөөнү эскерткен. Ошондой эле кайсы бир топтордун чатагы, ага Кадыр Досоновдун жеке айдоочусу да аралашып калганы тууралуу кеп болгон. Сүйлөшүүдө Айбек деген да ысым аталган. Айрым социалд...
Crime
14:37, 2023-ж., 10-октябрь
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Көлбаев менен байланышы бар адамдарды кармоо иштеринин алкагында камакка алынган экс-депутат Турсунтай Салимовго коюлуп жаткан айыптар боюнча маалымат берди. Маалым болгондой, УКМК 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү, 37-беренеси, 122-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козгогон. Анын алкагында Камчы Көлбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз, кылмыштык жол ме...
Crime
15:32, 2023-ж., 9-октябрь
Жаңы курулуп жаткан эки имаратта кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык 700дөн ашык батир мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 9-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлап, анын кылмыш жолу менен алынган мүлктөрү казынага кайтарылып жатканын билдирди. Мекеvt тараткан маалыматка ылайык, Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы 40тан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган. Алар рейдерлик жол менен басып алынган мүлктөрдү мыйзамдаштырууга катышкан...
Crime
13:33, 2023-ж., 6-октябрь
УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, “Тайсон” каймана аты бар С.М.Ж. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Ал К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын кароочусу (смотрящий) болгон,деп билдирди УКМКнын маалымат борбору. Маалым болгондой, козголгон кылм...
Crime
15:55, 2023-ж., 5-октябрь
Казакстандын бир нече аймагында кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы жүрүүдө. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, кармоолорду Улуттук коопсуздук комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө жүргүзүүдө. Ага УКК менен ИИМдин атайын багыттагы бөлүктөрү, кызматкерлери жана техникалары тартылган. Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, кылмыштуу топторду кармоо операциялары дар...
Crime
15:52, 2023-ж., 5-октябрь
«Алтуха» каймана аты менен таанымал кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. «Анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызды сотко Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү берген. Өтүнүч канаттандырылды. Соттун чечимине ылайык, ал 26-октябрга чейин үй камагында болот», -деп билдирди мекеме. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик ко...
Crime
15:41, 2023-ж., 5-октябрь
Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу каадасы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн, деп жазат "Турмуш" басылмасы. Маалым болгондой, маркумдун Чолпон-Атадагы үйүнө жүздөгөн адамдар чогулган. Саат 10:30да жаназа намазы окулган. Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Ата шаарынын №2 кичи районунун жанында жайгашкан көрүстөнгө коюлган. Кечээ, 4-октябрь күнү УКМК Камчыбек Асанбек атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көргөзгөн учурда октон улам каза болг...
Crime
13:07, 2023-ж., 8-сентябрь
Жалал-Абадда 7-сентябрда 35 жаштагы жаран бычакталып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Окуяга шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 2004-жылы туулган жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маалыматка караганда, окуя 7-сентябрына караган түнү саат 1:40 чамасында болгон. Анда 18-20 жаштагы бала бир нече жолу учтуу нерсе менен сайган. Аталган окуя Кылмыш-жаза кодексин...
Crime
12:13, 2023-ж., 6-сентябрь
Ош облусунун Кара-Суу районунда эки адам каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ушул жылдын 31-август күнү Кара-Суу РИИБине арыз менен Жийделик айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 30-августан 31-августка караган түнү саат 00:10 чамасында ага бей таныш болгон Рахатай аттуу аял киши жана 1 белгисиз азият улутундагы эркек киши болуп жабырлануучуну ур...
Crime
13:06, 2023-ж., 24-август
23-августта Ош облустук төрөт үйүнө бычакталып түшкөн кош бойлуу аялдын абалы турукташып калды. Бул тууралуу төрөт үйүнүн башкы дарыгери Асылкан Асанова билдирди. Анын айтымында аялдын түйүлдүгү беш айлык болгон. Келинге сайылган бычак түйүлдүккө тийип, сактап калууга мүмкүн болгон эмес. «Келин кечээ түнү 23:00 до оор абал менен келип түштү. Азыр абалы турукташып калды. Керектүү жардамдар көрсөтүлдү кан токтоду»,-деди башкы дарыгер. Ош облустук ички ишт...
Crime
15:46, 2023-ж., 23-август
Алдамчылык фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалды. УКМКнын маалыматка караганда, 2020-жылы Мусадаров Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүүнү убадалап, жарандын 5 миң доллар акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында аталган жер тилкесин Камчы Көлбаевга өткөрүп берген. Криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө...
Crime
15:37, 2023-ж., 12-август
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды. Тактап айтканда, 6-авгутта Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 4-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Коңурат айылында Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп д...
Crime
14:08, 2023-ж., 9-август
Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда К. Асанбектин (кримтөбөл Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.у.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору билдирди. Кечээ, 8-августта УКМК тарабынан «Опузалап талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-ж.т. Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды. Ал акыркы алты ай бою...
Crime
14:52, 2023-ж., 15-июль
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл К.Асанбектин (камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын кабарлады. Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында, 14-июлда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуз...
Crime
14:40, 2023-ж., 7-июль
Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 5-июль күнү саат 20:20 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Кызыл-Кыя милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине кат...
Crime
16:01, 2023-ж., 6-июль
5-июлунда Жалал-Абаддагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал Ички иштер министрлигинин каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени айтылат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен салык салууга аракет кылган. «Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам...
Crime
15:53, 2023-ж., 11-февраль
Өзгөн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кармалгандардын бири «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Ал кылмыш-жаза кодексинин 170- адам уурдоо беренеси боюнча кылмышка шектелип, Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган. Шектүүлөр Баткен районунун...
Crime
15:43, 2023-ж., 11-февраль
Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылууга шектелип, аралаш мушташ боюнча К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. аттуу спортчулардан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, «Нага Грэпплинг» федерациясынын президенти — К.у.Б. эки шериги менен ушул жылдын 4-февралында Ош шаарынын Н.Ш.М. аттуу тургунун жолугушууга чакырышкан. Ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип белгисиз ба...
Crime
13:42, 2023-ж., 19-январь
Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салууга шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин беш жаран кармалып, аларга эки айга кармоо турүндө баш коргоо чарасы тандалган. “Бир саат мурда алтынчы шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы кезде алты жарандан сырткары, дагы үч жаранга издөө жарыяланды”, — дейт ал...
Crime
13:46, 2023-ж., 9-январь
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Өзбекстанда оор кылмыштар менен соттолуп, чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 6-январь күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан 2 жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Текшерүүд...
Crime
15:51, 2022-ж., 18-ноябрь
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 16-ноябрда «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, алар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалган. «Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталга...
Crime
16:14, 2022-ж., 20-август
Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан алдыңкы 40 криминалдуу өлкөнүн катарына кирди. Изилдөөнүн жыйынтыктары Numbeo кызматынын сайтында жарыяланды. Изилдөө көрсөткөндөй, Кыргызстан 2022-жылдын биринчи жарымында кылмыштуулук боюнча 142 өлкөнүн ичинен 36-орунга чыкты. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтинги акыркы 36 айдагы маалыматтарды колдонуу менен жылына эки жолу түзүлөт. Өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли к...
Crime
15:54, 2022-ж., 15-июль
Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 15-июлда Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы Жумагуловду кармоо уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ишкерлерден ири суммада акча талап кылуу фактыларынын негизинде жүргөнүн кабарлады. Жумагулов УКМКнын тергөө абагына камалды. Маалыматта кримтөбөлдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган...
Crime
14:45, 2022-ж., 24-май
Улуттук коопсуздук комитети кылмыш дүйнөсүндө "Женго" деген каймана ат менен таанымал кримавторитет Кадыр Досоновдун тобунун үч мүчөсү эл аралык маңзат соодасына тиешеси бар деген шек менен кармалганын билдирди. Аларга ""Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" багытындагы маңзат ташыган каналды түзгөн деген айып коюлду. "Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө...