• Башкы бет
  • Бишкекте баңгизат жана курал алып жүргөн жаран кармалды
15:21, -ж., 2-ноябрь

Бишкекте баңгизат жана курал алып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте баңгизат жана курал алып жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарында баңгизат сактоого шектелген адам кармалды. Бул тууралууМилициянын кайгуул кызматы билдирди.

31-октябрда эртең мененки 6:30 чамасында Тоголок Молдо менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кайгуулчулар жол кыймылынын эрежесинин бузган «Хундай Соната» унаасын токтотушкан. Унааны 1998-жылы туулган А.А. башкарып жүргөн.

Унааны текшерүү учурунда кайгуулчулар ок атуучу курал жана ширеңкенин кутусуна салынган 6 грамм баңгизат табышкан.

Айдоочу милицияга жеткирилип, аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...