Кара-Сууда унаа кырсыгынан улам бир адамдын өмүрү кыйылды

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ахмедов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен «Фольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. 1998-жылы туулган М. Н. аттуу жигит каза болду. Куткаруучулар анын денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

14:29, -ж., 27-февраль