• Башкы бет
  • Кара-Сууда унаа кырсыгынан улам бир адамдын өмүрү кыйылды
21:19, 2021-ж., 15-октябрь

Кара-Сууда унаа кырсыгынан улам бир адамдын өмүрү кыйылды

Кара-Сууда унаа кырсыгынан улам бир адамдын өмүрү кыйылды

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ахмедов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен «Фольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. 1998-жылы туулган М. Н. аттуу жигит каза болду. Куткаруучулар анын денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...