Зиядин Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен таанышты.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы мүчөлөрү менен жолугушту. Ош облусунун башчысы Ар улуттун өкүлдөрү баарлашып, көйгөйлөрүн укту. Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн кызматкерлери музыкалык аппарат жана иш-чаларды өткөрүүдө колдоо көрсөтүүнү жана эң негизги маселе катары жаңы имарат куруп берүүнү суранышты.
Зиядин Жамалдинов, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы бөлүмүнө мындан ары ар тараптан колдоо көрсөтөөрүн айтып, жаңы имарат куруу маселесине да токтолду.