• Башкы бет
  • Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясы менен таанышты
14:07, -ж., 9-октябрь

Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясы менен таанышты

Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясы менен таанышты

Зиядин Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен таанышты.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы мүчөлөрү менен жолугушту. Ош облусунун башчысы Ар улуттун өкүлдөрү баарлашып, көйгөйлөрүн укту. Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн кызматкерлери музыкалык аппарат жана иш-чаларды өткөрүүдө колдоо көрсөтүүнү жана эң негизги маселе катары жаңы имарат куруп берүүнү суранышты.

Зиядин Жамалдинов, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы бөлүмүнө мындан ары ар тараптан колдоо көрсөтөөрүн айтып, жаңы имарат куруу маселесине да токтолду.

Жаңы имарат куруу маселеси боюнча биз эл аралык уюмдарга, эл аралык кайрымдуулук уюмдарына түштүк аймагында Достук үйүн курууга колдоо көрсөтүү боюнча кат жүзүндө кайрылабыз. Ал эми башка маселелер боюнча да материалдык колдоо көрсөтөбүз. ”,-деди Зиядин Жамалдинов

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...